Кыргызстандын экономикалык рейтинги

Новости
06-Август 2020-ж.
6652

Кыргызстан экономикалык эркиндик Рейтингинде 79-орунга чыкты. Мындай маалыматты Американын The Heritage Foundation изилдөө уюму жарыялады 

Экономикалык эркиндик рейтингинде 180 өлкөнүн ичинен биздин республика 81-орундан 79-орунга  көтөрүлүп, “орточо эркин экономикалык” өлкөлөрдүн катарына кирген.

Эксперттердин пикири боюнча экономика акыркы төрт жылдын ичинде алтындын экспорттолушуна жана үй чарбаларынын чыгымдарына жараша (Россиядан жана Казакстандан мигранттардын акча которууларын эске алуу менен) орточо эркин катары мүнөздөлгөн .

Экономикалык эркиндик чөйрөсүндөгү өсүшкө жер-жерлердеги коррупция, жеке менчиктин начар корголгондугу, жеке сектордун ишин чектеген ашыкча мамлекеттик чыгымдар тоскоол болууда.

Экономикалык эркиндиктин индекси 12 көрсөткүчкө негизделген:

1. Менчик укугу - 53.6

2. Соттордун натыйжалуулугу - 31.3

3. Өкмөттүн биримдиги - 32

4. Салык жүгү - 94.1

5. Мамлекеттик чыгымдар - 58.5

6. Фискалдык эркиндик - 66.7

7. Ишкердиктин эркиндиги - 73.6

8. Эмгек эркиндиги - 79.6

9. Акча эркиндиги - 76.4

10. Соода эркиндиги - 79.2

11. Инвестициялык эркиндик - 60

12. Финансылык көз карандысыздык - 50

Көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдөн улам кайсы чөйрөлөрдө реформалоо талап кылынгандыгы түшүнүктүү болууда. М: Сингапур дүйнөдөгү эркин экономика болуп эсептелет. Ал 89,4 упай топтоп 1-орунду ээлейт. ЕАЭБ өлкөлөрү төмөнкү упайларды алышты:

Армения - 34 орун, 70.6 упай,

Казакстан - 39 орун, 69.6 упай,

Беларусь - 88 орун, 61.7 упай,

Россия - 94 орун, 61 упай.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу