Тендерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр “Түндүк” аркылуу ишке ашырылууда

Новости
04-Август 2020-ж.
1757

Кыргызстанда эки жылдан бери өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча бир топ иш-чаралар аткарылып келе жатат. КР Экономика министрлиги да мамлекетти санариптештирүүгө тиешелүү бир катар иштерди аткарды.

Министрликтин бул жаатта аткарган көп иштеринин бири “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруудагы “Жол картасынын” 2-пунктунун 2.1 подпунктун аткаруу максатында, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө кагаз түрүндө маалымат берүүнү жокко чыгаруу жана зарыл болгон маалыматтарды “Түндүк” СМЭВ аркылуу берүү ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, дегеле банкрот ишканалар тууралуу мамлекеттик органдардын – Юстиция министрлигинин, соттордун жана башка мекемелердин маалымат алмашуулары “Түндүк” системасы аркылуу жүргүзүлүп келүүдө. Мындан тышкары, бардык кызыккан тараптар маалыматты ушундай жол менен ала алышат.

Ушул максатта Экономика министрлигинин алдындагы банкрот иштери боюнча департаментинде карыз-банкроттордун автоматташтырылган системасы жана департаменттин сайт-визиткасы иштелип чыккан.

Автоматташтырылган системанын максаты – мамлекеттик сатып алуулардын порталындагы тендерлерге катышуу үчүн жана банкрот ишканалар боюнча кагаз түрүндө маалымдама сурап билүүлөрдү жокко чыгаруу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө Экономика министрлигинин алдындагы банкроттук иштер боюнча департаментте карыз-банкроттор тууралуу автоматташтырылган система жана сайт тесттик режимде иштеп жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу