ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде кандай маселелер талкууланды?

Новости
03-Август 2020-ж.
1662

Жакында Минск шаарында Беларусь Республикасынын премьер-министри Р. А. Головченконун төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйындын күн тартибинде 18 маселе каралды.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Евразия экономикалык союзунун ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу иштеринин жүрүшү, товарларды маркалоону киргизүүдө системалуу ыкмаларды иштеп чыгуу, COVID-19 дарты менен күрөшүүдө комплекстүү планды кабыл алуу, Жерге аралыктан байкоо жүргүзүүчү биргелешкен космикалык системаны түзүү, индустриализациянын жана агроиндустриянын карталарын иштеп чыгуу жана башка маселелер талкууланды.

Экономика министрлигинин билдирүүсүнө караганда, бул кеңеште Евразия экономикалык союзуна мүчө-мамлекеттердеги COVID-19 коронавирус инфекциясын жана инфекциялык оорулардын жайылышын токтотуп, калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгын сактоо боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти. Бул план алдыда балким дагы боло турган эпидемиялардын алдын алууга да багытталган.

Комплекстүү план инфекциялык дарт чыкканда макулдашылган алгоритм боюнча аракет кылуу, маалымат алмашуу, вакцина жана диагностикалык тест-системаларды иштеп чыгуу үчүн биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камтыйт. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн профилдик адистеринин коркунучтуу инфекциялык, мите ооруларга каршы жана биологиялык коопсуздукту камсыздоо үчүн биргелешкен окууларын өткөрүү да пландалды.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү товарларга маркалоону киргизүүдөгү системалык ыкмалар аныкталган буйрукту кабыл алышты. Буйрук боюнча продукциялардын түрүнө жана маркалоо киргизүүнүн деңгээлине карабастан – жалпы союзгабы, бир нече мамлекеткеби же бир мамлекеттин деңгээлиндеби, бардыгына бирдей системалык ыкма колдонулат. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине алдыда маркалоо киргизиле турган товарлардын жаңы түрлөрүнө колдонула турган – маркалоо системасынын базалык уюштуруучулук жана технологиялык моделин бекитүү тапшырылды. Ошентип, маркалоонун ар кандай улуттук стандарттарына байланышкан, бирок союздун рыногунда тоскоолдуктарды жараткан маселелер мындан ары ушундай чечилет.

Андан ары жыйында “Евразия экономикалык союзуна мүчө-өлкөлөрдүн Жерди аралыктан байкоо маалыматтарынын улуттук булактарынын негизинде космикалык жана геоинформациялык продуктуларды жана кызматтарды өндүрүү, аларды сунуш кылуу боюнча интеграцияланган система” деп аталган биринчи мамлекеттер аралык программа жактырылды. Бул программаны ишке ашыруу үч этап менен 2021-2025-жылдарда болмокчу. Мамлекеттер аралык программа ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык мейкиндигинин өнөр жайдагы, илимий-техникалык жана маркетинг мүмкүнчүлүктөрүн бириктирип колдонууга жол ачат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеши Евразиялык экономикалык комиссиясына союзга мүчө өлкөлөр менен бирдикте союздун индустриализациясынын картасын иштеп чыгууну тапшырды. Индустриализация боюнча карта ЕАЭБ өлкөлөрүндө импорттун ордун толтуруу боюнча иш-аракеттерин координациялап, союздагы импорттон көз каранды технологиялык багыттар, мүчө-өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнүн потенциалын, калыптанып калган өнөр жай долбоорлорун жана кооперациялык байланыштарды чагылдырып турат. Мындай иш өндүрүштүн кайталануусунун алдын алып, өндүрүүчүлөрдүн тармактык адистешүү тарапка жылуусуна жол ачат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш Евразиялык экономикалык союздун агроиндустриясынын өнүгүүсүнүн картасын да иштеп чыгууну жактырды. Бул жерде союздун агроөнөржай комплексинин өнүгүүсү үчүн мааниге ээ чоң-чоң инвестициялык жана инновациялык долбоорлор жөнүндө маалыматтык ресурстарды түзүү тууралуу кеп болуп жатат. Союздун агроиндустриясынын картасы, союздагы өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү колдонууга, жалпы агрардык рынокту жана туруктуу агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнү уюштурууда интеграцияык потенциалды жана импорттун ордун толуктоону ишке ашырууга багытталган комплекстүү документ болуп эсептелет.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны ушул жылдын октябрь айында Ереван шаарында өтөрү белгилүү болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу