Экономика министрлигинин башчысы өлкөдө COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында кандай чаралар көрүлүп жатканын айтты

Новости
03-Август 2020-ж.
2024

КР Экономика министри Санжар Муканбетов брифингдин жүрүшүндө ведомствонун коронавируска каршы күрөшүү жана экономиканы калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында шашылыш чаралар биринчи кезекте кабыл алынган. “Алсак, өкмөт 3-февралдан тартып өлкөдөн айрым дарыларды жана медициналык буюмдарды алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген кредиттер менен камсыз кылуу максатында АЧК-8 программасы бекитилген, ошондой эле мартта өлкөдөн азык-түлүк жана керектөө товарларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө алып чыгууга тыюу салынган. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында макарон азыктарын жана дезинфекциялоочу каражаттардын айрым түрлөрүн алып чыгууга уруксат берилген. Ошондой эле март айында медициналык беткаптарды алып келүүдө КНСтен бошотуу жөнүндө токтом кабыл алынган. Өкмөттүн буйругу менен этил спиртин медициналык максатта пайдаланган бир катар ишканалар акциздик салыктан бошотулган”, - деди министр.

Министрдин айтымында, март айында Кризиске каршы аракеттер планынын биринчи топтому бекитилген, анын алкагында Ө/К туш болгон социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2020-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган. Мыйзам 2020-жылдын 1-июлуна чейин салык отчетторун берүүнүн мөөнөттөрүн узартууну жана салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбаганы үчүн салык санкцияларын жана туумдарды колдонбоону; 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке ишкерлер жана ЖИ тарабынан бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөттөрүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартууну; салыктык карыздын суммасы боюнча кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин узартууну; 2021 - жылдын 1-январына чейин салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салууну киргизүүнү карайт”, - деп билдирди министр.

Ошондой эле министр белгилегендей, мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүлөрүнө мораторий 2022-жылдын 1-январына чейин чейин узартылган.

“2021-жылдын 1-январына чейин ишканаларга банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган. Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу кредиттер боюнча негизги суммаларды жана пайыздарды 3 айдан кем эмес мөөнөткө узартуу жана реструктуризациялоо боюнча иш жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги № 210 токтому кабыл алынган, анда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр отчеттук мезгил үчүн 2020-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки мамлекеттик социалдык камсыздандыруу аркылуу отчет берүү укугу каралган. 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин отчеттук мезгилдеги карыздардын суммасына камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн туум алынбайт. Салыктык жол - жоболорду фискалдаштыруунун электрондук тутумунун компоненттерин (ЭЭФ, ЭТТН жана виртуалдык ККМ) киргизүү мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылды”, - деп кошумчалады ведомство башчысы.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу