Экономика министри Өкмөттүн туруктуулукту сактоо боюнча чаралары тууралуу айтып берди

Новости
03-Август 2020-ж.
2123

ЕЭК Кеңеши коронавирустук инфекция менен күрөшүү үчүн импорттолуучу медициналык жабдууларды жана ЖККны алып келүү бажы алымдарынан бошотууну чечти.

Өкмөттүн токтому менен дары-дармектердин айрым түрлөрүн жана медициналык багыттагы буюмдарды Кыргызстандан экспорттоого убактылуу тыюу салынган. Бул тууралуу брифингде КРнын Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Министрдин айтымында COVID-19 жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасирди азайтуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлдү:

- Жеке адамдар жана жеке ишкерлер тарабынан 2019-жылга бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды;

- 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин салык карызынын суммалары боюнча кийинкиге калтыруу же бөлүп төлөө киргизилген;

- 2021-жылдын 1-январына чейин салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салынган;

- 2021-жылдын 1-январына чейин ишканалардын бакнкроттук жол-жоболорун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынган;

- Ишкердик субъекттерге жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча 14 млрд. сом өлчөмүндө Кризиске каршы фонд түзүлгөн;

- ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ аймагынада коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу жана болтурбоо үчүн импорттолуучу товарларды алып келүүдөгү бажы алымдарынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алды: жеке коргонуучу каражаттар, дезинфекциялоочу каражаттар, диагностикалык реагенттер, медициналык жабдуулардын жана матералдардын айрым түрлөрү.

- ЕАЭБдин ички рыногунда тартыштыкка жол бербөө максатында азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүн алып чыгууга тыюу салуу киргизилген (пияз, сарымсак, шалгам, кара буудай, күрүч, кара күрүч, таруу, акшак, кесек тартылган ун жана дан өсүмдүктөрү, майдаланган гречка даны, гречкадан даяр тамак-аш азыктары майдаланган жана майдаланбаган соя буурчагы жана күн карама даны).

- 2020-жылдын 1-июлунан тартып ЭЭФнын маалыматтык тутуму киргизилген;

- 2020-жылдын 1-июлунан тартып, май куюучу жайларда автоматташтырылган май куюучу тутумун жана электрондук жүк ташуу пунктун колдонуу милдеттенмеси киргизилген.

Толук маалыматты: https://vesti.kg/zxc/item/73804-ministr-ekonomiki-rasskazal-o-merakh-pravitel-stva-po-podderzhaniyu-stabil-nosti.html көрүүгө болот - Экономика министри туруктуулукту сактоо боюнча өкмөттүн чаралары жөнүндө - VESTI.KG - Кыргызстан Жаңылыктарына маалымат берген. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу