Чүй облусунда медициналык беткаптарды өндүрүү боюнча 29 цех иштейт

Новости
27-Июль 2020-ж.
2607

Азыркы учурда Чүй облусунда медициналык беткаптарды чыгаруучу 29 тигүү цехи иштеп жатат.

КР Экономика министрлиги жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) өндүрүүнү кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Күн сайын Аламүдүн районунун тигүү цехтеринде 6 миңге жакын беткап, Чүй облусунда 1,6 миңден ашык беткап чыгарылат.

Токмок шаарында күнүнө эки тигүү цехи, анын ичинде Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр Коомунун Токмок окуу жана өндүрүш ишканасы тарабынан 1,3 миңден ашык беткап тигилет. Кант шаарында күн сайын 1,5 миң беткап чыгарылат. Москва району күн сайын жети тигүү цехинин күчү менен 8 миң беткап чыгарууну жөнгө салып келет. Күнүнө 10 миңге чейин коргоочу беткапты Сокулук районунун тигүү цехи жана Жайыл районунун тигүү цехи 11,1 миң беткап тартуулайт. Панфилов районунда күнүнө 250-300 даана коргоочу беткап тигилет. Медициналык беткаптардын баасы 9 сомдон 20 сомго чейин.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында беткаптарды тигүү Дүлөй жана азиз адамдарды окутуу жана өндүрүү ишканасы тарабынан уюштурулду, анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 50 коргоочу кийимдерди жана 1 миң медициналык беткапты түзөт. Ишкана мамлекеттик стандарттын сертификаттарын алууну пландаштырууда.

Дагы 5 миң беткап жана 500 коронавирустук инфекциядан коргоочу костюмдар газ жана мунай комплекстерине, медициналык мекемелерге, Коргоо министрлигине Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Айко-Сейко” ЖЧКсы тарабынан чыгарылган. Өндүрүш линиясы толук жүктөлгөндө 1 380 миң медициналык беткаптарды, 138 миң коргоочу костюмдарды өндүрүүгө болот. Медициналык беткаптардын баасы 16 сом, коргоочу костюмдар - 2 миң сом.

Жалал-Абад облусунда трикотаждык буюмдарды өндүрүүгө адистешкен “Баяна стиль” ЖЧК төрт жана алты кат беткаптарды өндүрө баштады.

Ош шаарында өзгөчө абал башталган мезгилден бери 200 миң беткап өндүрүлгөн. “Дастан Стиль” текстиль фабрикасы күнүнө 3-4 миң медициналык беткаптарды чыгарат. Медициналык беткаптарга суроо-талап төмөндөгөндөн кийин, ишкана тарабынан коргоочу костюмдарды (бир жолу колдонула турган жана бир нече жолу колдонула турган) чыгарылган.

Zulya тигүү фабрикасы, КМШ өлкөлөрүндө ийгиликтүү аялдар кийимдеринин бренди, бизнести кайра профилдештирүүнүн индикатору катары кызмат кыла алат. Өлкөдө коронавирустук эпидемияга кабылганда, компания дарыгерлер жана патрулдук кызматкерлер үчүн беткаптарды, медициналык халаттарды жана коргоочу шаймандарды өндүрүүгө багыт алган. Пандемия учурунда фабрика күн сайын 10 миңге чейин беткап жана 1000 коргоочу костюмдарды чыгарат.

Ошондой эле, 2020-жылдын 24-июнунда “Бишкек” ЭЭЗ аймагында бир жолу колдонула турган медициналык беткаптарды өндүрүү менен алектенген “КЛП” ЖЧКнын (Кыргыз логистикалык провайдери) жаңы ишканасы ачылган.

“КЛП” ЖЧКсынын директору А. Сүйүналиевдин айтымында, учурда токулбаган материалдан үч катмарлуу бир жолу колдонула турган медициналык беткаптарды чыгаруучу эки автоматташтырылган линия орнотулган.

“Бишкек ЭЭЗнын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев бүгүнкү күндө ишкана 160 миң долларлык медициналык беткаптарды өндүрүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алып орноткондугун кошумчалады.

“Биз өндүрүштүн көлөмү күнүнө 50-60 миң даанага жетет деп ойлойбуз. 25 жумуш оруну түзүлгөн”, - деди ал.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу