Экономика министрлиги, мамлекеттик мүлктү борборлоштурган бирдей эсептөө системасын түзүү маселесин иштеп жатат.

Новости
19-Сентябрь 2013-ж.
2379

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо маселеси министрликтин күнөөсү менен кармалып жатат деген имиш жаңылыш экендигин маалымдайт. 2013-жылдын 30-апрелинин КР Өкмөтүнүн №218 Токтому.

Укук коргоочу Токтайым Уметалиева белгилеп кеткендей чындыгында бул тема бышкан. Акыркы жылдарда мамлекеттин Өкмөтү республиканын мамлекеттик мүлкүн эсептөөгө жана инвентаризация жүргүзүүгө багытталган кадамдарды жасап жатат. Бул маселе КР Өкмөтү менен жакынкы 5 жылга иштин приоритеттүү багыттарынын бири катары белгиленип, 2013-2015-жылга КР туруктуу өнүгүүгө өтүү программасына киргизилген.

2012-жылы мамлекеттик менчикти башкаруу саясатын иштеп чыгуу ыйгарым укугун Экономика министрлигине өткөрүп бергендигине байланыштуу, акыркы 20 жылдын ичинде Кыргыз Республикасында инвентаризация жана мамлекеттик мүлктү эсептөө боюнча кандайдыр бир иштеринин жоктугун эске алуу менен бирге, аны республикалык масштабда камсыз кылуу үчүн керектүү нормативдик документтерди, анын ичинде КР мамлекеттик иш каналардын (фонддордун), мекемелердин жана уюмдардын негизги каражаттарынын классификаторун иштеп чыгууга киришти.

Бул иштердин алкагында Экономика министрлиги тарабынан мамлекеттик мүлктү борборлоштурган бирдей эсептөө системасын түзүү маселеси иштелип жатат.
Аны менен бирге, ушул жылы КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд (ММБФ) тарабынан инвентаризация иштерин аткарууга жана мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртууга 684 миң АКШ доллар көлөмүндө грант бөлүп берүү жөнүндө Дүйнөлүк банк менен келишим түздү, ал мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртууга багытталган.

Бул грантты алуу үчүн ММБФ ушул жылдын июль айында КР Өкмөтүнүн жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы грант берүү жөнүндө келишим катын ратификацияга киргизүү тууралуу мамлекеттин Финансы министрлигине кайрылган.

Азыркы убакта грант боюнча КР Өкмөтүнүн жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы келишим катты ратификациялоо жөнүндө долбоор чечими КР Финансы министрлиги тарабынан мамлекеттин Өкмөтүнө киргизүүгө жана кароого даярдалып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу