Бүткүл дүйнөлүк метрология күнү жыл сайын Кыргызстанда 20-майда белгиленет

Новости
20-Май 2020-ж.
3876

Бүткүл дүйнөлүк метрология күнү эл аралык кесиптик майрам болуп саналат, ал 1999-жылдын октябрь айында МКМВ уюмунун 88-жыйынында бекитилген. Кыргыз Республикасынын аймагында майрам жыл сайын 20-майда белгиленип келет. Метрология күнү сөзмө-сөз “өлчөө илими” дегенди билдирет жана 1875-жылы 20-майда Парижде он жети мамлекеттин илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө Метрикалык конвенциясына кол коюу менен белгиленет.

Азыркы учурда уюмда элүүдөн ашык катышуучу мамлекеттер бар. Бул дүйнө жүзү боюнча бирдиктүү метрологиялык мейкиндик пайдубалын түптөөгө мүмкүндүк берди, бул ийгиликтерге төмөнкү таланттуу орус окумуштуулары өбөлгө түздү: Д.И. Менделеев, Г.И. Вильда, О.В. Струве, Б.С. Якоби. Өлчөө илимдери жаатында азыркы учурда белгиленген дүйнөлүк кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн алкактары алган билимдерди коммерциялык иштерде, өнөр жайда жана коомдук турмушта ийгиликтүү колдонууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору кесиптик иштин натыйжасында маанилүү өлчөөлөр менен аларды жүзөгө ашыруунун методдоруна ар дайым туш болуп, изилдөө жүргүзүүнүн тактыгын байкап, илимге, метрологияга кирип ар дайым алдыга тартып келген бардык метролог-кесиптештерин чын жүрөктөн куттуктайт. Өзгөчө жана жоопкерчиликтүү ишибиз кызыктуу жана жеңил болсун!


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу