Контракттык турак жай аманаттарынын механизмин киргизүү жөнүндө

Новости
19-Май 2020-ж.
3976

“Арзан турак жай 2015-2020” Программасын, ошондой эле 2020-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилге эсептелген жаңы турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ипотекалык кредиттөөнүн башка механизмдери менен катар өлкөдө контракттык турак жай аманаттарынын механизмин өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.

Кыргызстандын шартында контракттык турак жай аманаттарынын механизмин киргизүү жана аны институтташтыруу маселеси Экономика министрлиги, “МИК” ААК тарабынан Улуттук банк жана эл аралык консультанттардын колдоосу менен 2017-2018-ж.ж. кеңири иликтенген.

Дүйнөлүк практикага ылайык контракттык турак жай аманаттарынын системасы - бул адистешкен институттарды ишке ашыруучу жабык система, алардын иши жеке адамдардын аманаттарын тартуу жана жеңилдетилген кредиттерди берүү боюнча операциялар менен гана байланыштуу. Мисалы, Германияда - бул Бауспаркасе институттары (тажрыйбасы 200 жылдан ашык), Казакстанда адистештирилген “Турак жай куруу сактык банкы” (иш тажрыйбасы 17 жыл). Ушуну эске алуу менен өзүнчө институт – турак жай-аманат кредиттик компаниясын түзүү чечими кабыл алынды.

Институт 2020-жылдын 14-майында мамлекеттик каттоодон өткөн жана Улуттук банктын лицензиясын алгандан кийин өз ишин баштайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ипотекалык кредиттөөнү андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар, анткени ал жарандардын социалдык маселелерин гана эмес, ошол эле учурда экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу