Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2020-жылга күтүлүүчү көрсөткүчтөрү жана 2021-жылга карата болжолу жөнүндө

Новости
18-Май 2020-ж.

КР Экономика министри Санжар Муканбетов КР Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө ушул жылга өлкөнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болгон 2020-жылга күтүлүүчү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн параметрлери жөнүндө маалымдады.

2020-жылы коронавирус пандемиясы экономиканын бардык тармактары үчүн терс натыйжаларга алып келип, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү жабыр тартты. Дүйнө экономикасына таасир тийгизген дагы бир фактор - бул нефть рыногундагы конкуренттик согуш болду. Коронавирустун фонунда суроо-талапка карата болгон шок Brent нефтинин наркынын бир баррелин 25 АКШ долларынан төмөн түшүп кетишине жана 2003-жылдан берки төмөнкү минимумду жаңыртышына алып келди. Чийки затка карата глобалдык суроо-талап 30 %дан ашык төмөндөдү. Мындай жагдайдын натыйжасында, валюта рынокторунда башка валюталарга карата доллардын кескин бекемделиши белгиленди. Буга байланыштуу инфляциялык күтүүлөр өсүп, бул көпчүлүк учурда, жарандардын психологиялык факторлору жана күтүүлөрү менен шартталып, валютага карата жогорулатылган суроо-талапты пайда кылды. 

Министр, учурдагы жагдайды белгилөө менен бардык өлкөлөр тарабынан коронавирустук инфекцияны кармап туруу максатында болуп көрбөгөндөй, чек араларды жабуудан тартып, авиакаттамдарды токтотууга чейинки кескин чаралар көрүлгөндүгүн, жыйынтыгында бул экономикалык активдүүлүктүн кыскарышына алып келгендигин белгиледи. Жаңы вирус бекем болуп көрүнгөн глобалдуу дүйнөнүн туруктуулук элесин бузду. Саналуу күндөрдүн ичинде дүйнө жүзүндө адамдардын, товарлардын жана капиталдардын эркин кыймылы токтоду. Экономикалык жигердүүлүктүн азайышы тышкы суроо-талаптын олуттуу төмөндөшүнө алып келди.

Дүйнөлүк экономиканын жана сооданын күтүлгөн төмөндөшү ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикалык активдүүлүгүнө дагы терс таасирин тийгизүүдө. 

Болжолдонгон экономикалык өсүштүн төмөндөшү, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдө ишкердүүлүктүн төмөндөшүнө, кыргыз товарларына суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келип, Кыргыз Республикасына акча которуулардын келүүсүнө жана тиешелүү түрдө керектөөнүн кыскарышына, ошондой эле товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгарылышына терс таасир тийгизүүдө (соода, транспорт, туризм ж.б. чектелет).

Республикага болгон акча которуулардын РФ экономикалык өнүгүүсүнөн көз карандылыгын эске алсак (агымдын 98%), биздин баалоолор боюнча, акчалай которуулардын агымы 20%га кыскарышына алып келет. ДБ болжолу боюнча Кыргызстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда 2020-жылы акчалай которуулардын көлөмү дээрлик 28%га кыскарат.

Акыркы мезгилде капиталдын агып кетиши күч алууда. Кризистин башталышы менен кыска эле убакыттын ичинде инвесторлор ар түрдүү өлкөлөрдөн 83 млрд АКШ долларынан ашык каражаттарды чыгарып кетишти. Бул шарттар учурдагы долбоорлордун токтоп калышына, жаңы долбоорлордун “тоңдурулуп” калуу коркунучуна алып келет жана инвесторлор өз кезегинде күтүү позициясын тандап алуусуна түрткү берет. Ошондуктан жылдын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициянын көлөмү (ТЧИ) 20%дан ашык деңгээлде төмөндөшү күтүлүүдө. 

2020-жылы инфляциялык процесстердин динамикасына терс факторлордун таасиринен улам, инфляциянын деңгээлинин тезделиши байкалууда. Бул ички рыноктун импорттолгон товарлардан көз карандылыгы, финансылык рыноктун (валюталык) өзгөрмөлүүлүгү жана азык түлүк товарларына болгон (мөмө-жемиштер, жашылчалар) баалардын сезондук өзгөрүүсү менен шартталат. 

Коронавирус эпидемиясынын таркалышына жол бербөө үчүн Өзгөчө кырдаал/абал киргизүүнүн натыйжасында, биздин өлкөдө экономикалык активдүүлүк кескин түрдө (80%дан жогору) басаңдады. Чакан жана орто бизнестин, курулуштун, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн бир катар ишканаларынын иши толугу менен токтотулду. Натыйжада, иштеп жаткандардын бир бөлүгү эмгек рыногунан убактылуу бошотулуп, биздин баалоо боюнча 700 миңден ашык болот.

Белгилей кетчү нерсе, жалпысынан алганда 2020-жылдын 4 айынын жыйынтыгы өсүүнүн терс динамикасын көрсөттү, реалдуу өсүү темпи 3,8%га төмөндөдү (96,2%), Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, өсүү темпи 95,4%ды түздү. 

Сырттан болгон таасирлердин жана белгиленген ички факторлордун негизинде экономикалык ишмердүүлүк солгундап, апрель айында, өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу, өнөр жай – 14 %га, курулуш – 13 %га, кызмат көрсөтүү чөйрөсү – 22,4%га, айыл чарба - 2,7 %га төмөндөгөн. 

Биздин баалообуз боюнча апрель жана май айында, 2019-жылдын апрелине жана майына салыштырмалуу, ай сайын 12-14 %га төмөндөшү күтүлгөн, бирок апрель айынын жыйынтыгы ИДП 17,9 %га төмөндөшүн көрсөттү, бул биздин күтүлүүдөн да төмөн көрсөткүч. 

Апрель айы толугу менен карантин болгондугун эске алып, май айында экономикалык иштер жарым-жартылай башталат деп болжолдоп жатабыз, ал эми жылдын аягына чейин III кварталдан баштап ай сайын орточо алганда 3-4%га өсүштү камсыз кылса, болжол менен 2020-жылы ИДПнын өсүү темпи 94,7 %дын деңгээлинде (базалык сценарий), ал эми номиналдык көлөмү 583,2 млрд сом суммасында камсыз болоору болжолдонгон. 

Мындай төмөндөө өнөр-жайда көлөмдөрдүн - 4,8%га, кызмат көрсөтүүдө - 9,1%га кыскарышынын эсебинен күтүлүүдө. Айыл чарбасында өндүрүштүн мурда болжолдонгон 103,7%дын ордуна 102%га чейин, курулушта мурда болжолдонгон 111,7%дын ордуна 102,9%га чейин басаңдашы күтүлүүдө.

Андан соң министр экономиканын негизги секторлорундагы болжолдуу көрсөткүчтөрүнө кыскача токтолду.

Айыл чарбасында (ИДПнын түзүмүндө салыштырма салмагы – 13,0 %) 2020-жылы продукция чыгаруунун жалпы көлөмүнүн жогорулашы күтүлүүдө, мында реалдуу өсүү темпи 102,0%ды түзөт, ал өсүмдүк өстүрүүдө 1,7%га жана мал чарбасында 2,3%га өсүү менен (тиешелүү салыштырма салмагы менен - 50,8 % жана 46,8 %) камсыздалат.

Учурда түзүлгөн кырдаалга карабастан, экономиканын ушул гана секторунда үзгүлтүксүз иш жүрүп, кээ бир кыйынчылыктарга карабай жазгы айдоо кампаниясы өз убагында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан, республика боюнча 2020-жылдын түшүмүнө айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүнүн жалпы аянты 1219,0 миң га түздү, бул 2019-жылдын деңгээлине салыштырганда 2,3 миң га көп. Өсүү темпи, негизинен, төмөнкүлөрдү өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыздалат: дан өсүмдүктөрүн - 2,6%га; жашылчалар - 2,2%га жогорулатуунун эсебинен.

Мал чарбасында тирүүлөй салмагында этти өндүрүү 2,3%га өсүүсү болжолдонууда жана өткөн жылга салыштырганда 9,5 миң тоннага жогорулайт, сүт 2,3%га (же жогорулоо 37,4 миң тоннага), жумуртка 3,8%га (жогорулоо 21,3 млн даанага) жана жүн 1,6%га жогорулоосу каралган (0,2 миң тоннага). 

Өнөр жай секторунда (ИДПнын түзүмүндө салыштырма салмагы – 18,2 %) Өзгөчө абал/кырдаал шартында жана санитардык блокпосттор коюлгандыгына байланыштуу айрым өнөр-жай ишканалары үчүн татаал кырдаал түзүлдү, анткени чакан жана орто ишканалардын 65-70% Өзгөчө абал киргизилген жерлерде жайгашкан жана жумушчулардын көпчүлүк бөлүгү башка калктуу конуштардан келип иштеп жүрүшкөн.

Коңшу өлкөлөр менен чек араны жабуу боюнча көрүлгөн чаралар өнөр жай продукциясынын экспортунун кыскарышына, товарлардын чек арада кармалып калышына алып келди, бул айрыкча жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары үчүн товарларды жеткирүүнүн үзгүлтүксүздүгү үчүн өзгөчө маанилүү эле. 

Коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча көрүлгөн чараларды жана инфекциянын таркалышына байланыштуу кырдаалды эске алып, өнөр жайда 2020-жылы өсүш темпи 4,8 %га төмөндөшү күтүлүүдө.

2020 - жылы экономиканын курулуш секторунда (ИДПнын түзүмүндөгү үлүш-10,3%) өсүш темпинин басаңдашы күтүлүүдө. Түзүлгөн жагдайдан улам, бардык подряддык уюмдардын иштери токтоодо, энергетика, сугат, жол-транспорт чөйрөсүндө ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга капиталдык салымдардын кыскаруу тобокелдиги пайда болду.

Ушуларга байланыштуу 2020-жылы капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 167,1 млрд. сом суммасында күтүлүп (реалдуу өсүү темпи 102,2%), 2020-жылы курулушта дүң продукциянын көлөмүнүн өсүү темпи 102,9% деңгээлинде болжолдонууда.

Кызмат көрсөтүү сектору (ИДПнын түзүмүндө салыштырма салмагы - 47%) экономиканын эң аярлуу сектору катары башка секторлорго караганда түзүлгөн кырдаалдан көбүрөөк жоготууга учурайт. Мында, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, март-апрель айларында активдүүлүк 62%дан 76%га төмөндөдү. 

Соодада (кызмат көрсөтүүдө салыштырма салмагы - 35,2 %) ички суроо-талаптын жана дүң сооданын (товарлардын реэкспорту)  күтүлүүчү кыскарышына байланыштуу соодадагы кызмат көрсөтүү 12% га төмөндөөсү күтүлүүдө.

Транспорт кызматынын (кызмат көрсөтүүдө салыштырма салмагы – 9,0 %) чөйрөсүндө да төмөндөө күтүлөт, баалоолор боюнча реалдуу мааниси 19% га төмөндөшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаал/абал режимин киргизүүнүн кесепетинен, мейманкана жана ресторан кызматтары (кызмат көрсөтүүдө салыштырма салмагы - 4,5 %), ошондой эле оюн-зоок борборлору, кинотеатрлар ж.б. кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмдөрүнүн кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Ушул себептерге байланыштуу коомдук тамактануу жана маданий эс алуу кызматын көрсөткөн ишкерлер зыян тартышат жана 2020-жылы жалпысынан 2019-жылдын деңгээлине карата 26% га кыскаруу күтүлөт (74%).

Байланыш кызматтары (кызмат көрсөтүүдө салыштырма салмагы - 6,7 %) оң зонада калып, 2020-жылы өсүү 102% деңгээлинде болжолдонууда. Бул өсүш көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик уюмдардын жана мекемелердин ишин дистанттык иштөөгө которуу, ошондой эле студенттерди жана окуучуларды дистанттык окутуу менен колдоого алынат.

Жыйынтыгында көпчүлүк өлкөлөрдө жана региондордо экономиканын калыбына келүүсү 2021-жылдан тарта болжолдонууда - деп министр белгиледи.

2021-жылга карата экономикалык өсүү темпи 4,0 % деңгээлинде, ал эми Кумтөр кенин иштеткен ишканаларды эске албаганда - 4,7% деңгээлинде болжолдонууда. 

Максаттарга жетишүүнүн маанилүү шарты болуп, экономикага таасир эткен тышкы жана ички таасирлерди азайтуу, ишкердикти колдоо жана дем берүү, ошондой эле учурдагы кырдаалга байланыштуу экономикалык өсүштүн жоготууларын акырындык менен калыбына келтирүү саналат.

Бул үчүн экономикалык жана социалдык туруктуулукка терс таасирди азайтуу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын пландары ыкчам иштелип чыккан жана кабыл алынган.

Экономиканын эң көп жабыр тарткан тармактарын, чакан жана орто бизнести колдоо максатында, бюджеттик жана финансылык иш-чаралардын зарыл топтому кабыл алынган, ал 2020-жылдын аягында бюджеттин тартыштыгынын келип чыгышына алып келет. 

Бул жыл калктын жашоо деңгээлин камсыз кылуу жана экономиканы колдоо жагынан да оор жыл болот, ошондуктан ар бир жетекчи бизнес чөйрөсүнө жагымдуу шарттарды түзүп, экономикалык субъектилердин ишин калыбына келтирүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшашы керек.

Онлайн кайрылуу