Кыргызстанда административдик жол-жоболордун электрондук реестри киргизилет

Новости
13-Май 2020-ж.
3893

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Эл аралык Финансы Корпорациясынын (IFC) техникалык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын туристтик секторунун өсүшүнө жана инвестициясына көмөктөшүү боюнча административдик жол-жоболордун электрондук реестрин түзүүгө киришти.

Бул өлкөдөгү бардык административдик жол-жоболор жөнүндө маалыматты камтыган жана бизнеске зарыл болгон бардык колдонуудагы административдик жол-жоболор боюнча ыңгайлуу издөө жана навигация берген веб-сайт болот. Реестрге киргизилген бардык маалыматтар бизнес жүргүзүү үчүн эң керектүү болгон максималдуу маалыматтарды минималдуу мөөнөттө алууга мүмкүндүк берген колдонуучу үчүн ыңгайлуу форматта уюштурулат.

Биринчи этапта, туризм жана тышкы соода тармагына байланыштуу жол-жоболор мисал катары реестрге киргизилет, андан кийин республикада калган жол-жоболор киргизилет. Бул учурда ар кандай мамлекеттик реестрлерге киргизилген уруксат берүүчү ар кандай документтер административдик жол-жоболор деп түшүндүрүлөт. Жаңы система мамлекеттик кызматкерлердин жүгүн төмөндөтүп, мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы байланышты бир кыйла азайтат. Электрондук реестрди колдонуу маалымат издөө убактысын кыскартат, ал өз кезегинде бизнести жөнгө салуучу жүгүн төмөндөтөт.

Бул системаны колдонууга киргизүү үчүн Дүйнөлүк Банктын Тобунун адистери тарабынан мурда иштелип чыккан программа колдонулат, аны жергиликтүү IT компаниясы өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана муктаждыктарын эске алуу менен адаптацияланат. Программалык камсыздоо продукцияны андан ары этап-этабы менен толук автоматташтырылган тутумга айландыруу мүмкүнчүлүгүн камтыйт, ал лицензия берүү процессинин бардыгын санариптөөгө мүмкүндүк берет: лицензиар тарабынан маалыматтарды чогултуу, талдоо, лицензия берүү

Кыргыз Республикасында туристтик тармакты өнүктүрүү жана инвестицияларга көмөктөшүү боюнча IFC долбоору Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу