Сыноо жана калибрлөө лабораторияларын аккредитациялоо боюнча APAC MRA өз ара таануу жөнүндө Макулдашууга кол коюучунун статусу ырасталды

Новости
13-Май 2020-ж.
3852

КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) сыноо жана калибрлөө лабораторияларын аккредитациялоо боюнча APAC MRA өз ара таануу жөнүндө Макулдашууга кол коюучунун статусу ырасталгандыгы тууралуу билдирет (ISO/IEC 17025).

КАБ ишин баалоо АРАС аккредитациялоо (Аккредитациялоо боюнча Азия-Тынч океан кызматташуусу) боюнча регионалдык уюмунун баалоочусу Алок Джайна тарабынан 2020-жылдын апрель айында менеджмент системасынын документтерин ISO/IEC 17011:2017 “Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоочу аккредитациялоо боюнча органдарга коюлуучу талаптар” эл аралык стандарттын (жаңы версиясына) талаптарына шайкештигин текшерүү менен коштолгон. APAC MRAMC КАБдын документалдык отчётун ISO/IEC 17011:2017 жаңы версиясына өткөндүгүн ырастоо менен бекитти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу