Бишкекте болуп өткөн “тегерек стол” ““Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасын интеграциалоого” МИ ““Бирдиктүү терезе” борборуна ” жана МБКнын бирдиктүү автоматташтыруу маалыматтык системасына арналган.

Новости
21-Июль 2013-ж.
2577

"Круглый2013-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматында ““Бирдиктүү терезе” маалыматтык системасын интеграциалоо” (БТМСИ) Мамлекеттик иш кана ““Бирдиктүү терезе” борбору ” жана МБКнын бирдиктүү автоматташтыруу маалыматтык системасы (БАМС) темасында “тегерек стол” болуп өттү.

БТМСИ жана БАМС системаларын интеграциалоо “Бирдиктүү терезе” системасына тартылган 11 ведомствонун бирөөсүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дарылар менен камсыз кылуу департаментине киргизилген “бирдиктүү терезе” БТМСИ системасындагы дары каражаттарын киргизүүгө документтерди оформить этүү мисалында көрсөтүлгөн.

Бул иш чара Германиянын эл аралык кызматташтык GIZ коомунун жардамы менен КР Экономика министрлигинин алдындагы тышкы соода чөйрөсүндөгү МИ ““бирдиктүү терезе” борбору ” менен бирдикте КРӨ алдындагы МБК тарабынан уюштурулган.

Тегерек столдун катышуучуларына саламдашуу сөздөрү менен Мамлекеттик бажы кызматынын төр агасы А. Жусупов, Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдай Курманова жана ошондой эле Тышкы соода чөйрөсүндөгү МИ ““бирдиктүү терезе” борборунун” башкы мүдүрү Тилек Кудабаев кайрылып өтүштү.

Алар, бул системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү бир нече жылдар бою өткөнүн жана бул көп сандуу кызыктар жактар менен чоогу чечүү керек болгон чоң көлөмдүү маселе болгондуктан өтө көп жумуштуу процесс экенин белгилеп өтүштү. Бирок, бул кыйынчылыктарга карабастан АӨБ жана GIZ өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен жакшы жыйынтыктарга жетиштик, ал жыйынтыктардын бири болуп БТМСИ жана БАМС системаларын иштеп чыгуу жана аларды интеграция саналат.

БТМСИ жана БАМС системаларын интеграциалоонун максаты болуп, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен ведомство аралык эффективдүү өз ара аракеттешүү аркылуу тышкы соода кыймыл аракетин жүзөгө ашыруу үчүн, документтерди оформить этүүдөгү соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жолу менен, тышкы экономикалык иш аракеттеринин катышуучуларынын ишин жеңилдетүү саналат.

Системаларды интеграциялоону жүзөгө ашыруу үчүн, БТМСИ жана БАМСдан берилмелерди берүү боюнча Тышкы соода чөйрөсүндөгү МИ ““бирдиктүү терезе” борбору”, МБК жана “бирдиктүү терезе” системасына тартылган ведомстволор аралык өз ара аркеттешүү процесстерин иштетүү боюнча чаралар өткөрүлүп жатат.
Эки системаны интеграциалоо мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу жагында, мамлекеттик саясаттын реформасынын бөлүгүн тийип өтөт, мындан сырткары өлкөнүн Өкмөтү көп жолу белгилеп кеткен электрондук өкмөттү куруу элементтеринин бири болуп эсептелет.
Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча, катышуучулар соода процедураларын жөнөкөйлөтүү чөйрөсүндөгү оң прогрессти жана бул демилгени мындан аары колдоп кетүүгө кызыгуусун белгилеп өтүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу