Экономика министрлиги ЕАЭБ бажы аймагында жайгашкан чет элдик жеке транспорт каражаттарын убактылуу ташып кирүү мөөнөтүн узартуу тууралуу түшүндүрмө берет

Новости
04-Май 2020-ж.
3756

Айрым ЖМКларда жана интернет булактарында 2020-жылдын 1-мартынан 30-сентябрына чейин Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагына жеке пайдалануудагы автоунааларды алып келүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө маалымат жарыялашкан, ошол эле учурда бул чара убактылуу экендиги жана COVID-19 жайылышынын алдын алуу үчүн көрүлүп жаткандыгы көрсөтүлгөн.

Бул маалымат чындыкка туура келбейт, анткени Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешинин 2020-жылдын 29-апрелинде болуп өткөн кезектеги жыйынында жеке колдонуу үчүн транспорт каражаттарын ташып кирүүгө тыюу салуу, ал эми ЕАЭБдин бажы аймагынан жеке транспорт каражатын кайра алып чыгуу мүмкүн болбогондугуна байланыштуу ЕАЭБ бажы аймагында жайгашкан чет өлкөлүк жеке унаа каражаттарын убактылуу ташып келүү мөөнөтүн 1 жылга чейин убактылуу ташып келүү мөөнөтүн узартуу маселелери COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу каралган.

Жогоруда көрсөтүлгөн форс-мажордук кырдаалды эске алуу менен ЕЭК Кеңеши убактылуу импортту 2020-жылдын 1-мартынан 30-сентябрына чейин токтотууну чечти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу