ДСУнун делегация башчыларынын жолугушуусу Кыргыз Республикасынын катышуусу менен онлайн режиминде өттү

Новости
21-Апрель 2020-ж.
3802

Кыргыз Республикасы онлайн платформалар аркылуу виртуалдык режимде уюштурулган ДСУга мүчө өлкөлөрдүн делегация башчыларынын жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ДСУнун башкы директору Роберто Азеведо мырза COVID-19 пандемиясынын чыгышына байланыштуу экономикалык терс кесепеттердин фонунда дүйнөлүк соодада түзүлгөн тенденциялардын жалпы көрүнүшү менен тааныштырды. Атап айтканда, ДСУнун гендиректору дүйнөлүк соода байланыштары дүйнө жүзү боюнча оорулардын кескин күчөшүнө байланыштуу катуу бузулгандыгын билдирди. 2020-жылы экономиканын дээрлик бардык секторун камтуу менен дүйнөлүк соода дүйнөнүн ар бир континентинде кескин кыскарат деп ДСУ экономисттери эсептеген.

ДСУнун эксперттеринин эсептөөлөрүнө ылайык, оптимисттик сценарий боюнча дүйнөлүк сооданын көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 13% га кыскарат. Пессимисттик сценарийге ылайык дүйнөлүк соода 2019-жылга салыштырмалуу 32% га төмөндөйт.

ДСУнун башкы директору билдиргендей, эки негизги фактор оптимисттик же пессимисттик сценарий боюнча өзгөрүүгө таасирин тийгизет. Биринчиси бул - дүйнөдө коронавирустун жайылышын ушунчалык тез контролдойт жана экинчи фактор - мамлекеттердин өз ара натыйжалуу аракеттенүү форматында жүргүзүлүп жаткан фискалдык, акча-валюталык жана соода саясаты бөлүгүндө бири-бири менен ачык өз ара аракеттенүү саясатын тандап алышы болуп саналат.

Андан соң 54 мамлекеттин өкүлдөрү сүз сүйлөштү, алар ооруга байланыштуу дүйнөлүк экономикадагы учурдагы татаалдыктар тууралуу өз пикирлерин билдиришти. Алар биргелешкен милдеттерди чечүү үчүн ДСУ платформасынын маанилүүлүгүн белгилешти жана ошондой эле глобалдык COVID-19 пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын белгилешти. Пандемия соодада тоскоолдуктарды белгилөөнүн себеби болуп саналбашы керектиги айрым өлкөлөр тарабынан өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы COVID-19 пандемиясы дүйнө жүзүндөгү адамдардын ден соолугу жана өмүрү үчүн гана эмес дүйнө өлкөлөрүнүн экономикасына да олуттуу жана масштабдуу коркунуч түзүп жаткандыгын белгилөө менен сөз сүйлөдү.

Ошентип, кризисти өкмөттөрдүн күч-аракеттери менен анын ичинде глобалдык деңгээлде мамлекеттердин ортосунда биргелешкен координацияланган өз ара аракеттенүү жана өз ара жардам көрсөтүү аркылуу жеңүүгө болот деген пикир айтылды.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын өкүлү бүгүнкү күндө эл аралык соода, ошондой эле ачык-айкындуулук принциптерине негизделген ДСУнун эффективдүү эрежелери азыркы учурда дүйнө туш болуп жаткан дүйнөлүк соодадагы кризистин кыйратуучу кесепеттерин минимизациялоодо негизги ролду ойной тургандыгын баса белгиледи.

ДСУнун мүчөлөрү бүгүнкү күнгө чейин ачык-айкындуулукту жана өз ара кызматташуу духун мурда болуп көрбөгөндөй максималдаштырууга тийиш, өзгөчө бул оор учурларда азык-түлүк товарлары жана медикаменттер менен соода жүргүзүү жаатына тиешелүү.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасы Женева ш. ДСУнун алдындагы миссиясынын кызматкерлеринин өзүн-өзү изоляциялоо режимине карабастан техникалык мүмкүнчүлүктөрү мүмкүндүк берген деңгээлде активдүү болду жана виртуалдык форматта формалдуу эмес талкууларды улантуу боюнча оң пикир айтышты.

Ошондой эле ДСУнун бул чечимдери үчүн жазуу жол-жоболорун пайдалануу зарылдыгын билдирди, алар купуялуулук принцибин сактоону эске алуу менен борборлордон расмий позицияларды талап кылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу