Кыргыз - казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк ташуучу транспорт каражаттарын өткөрүү калыбына келтирилди

Новости
17-Апрель 2020-ж.
4056

Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2020-жылдын 13-апрелиндеги Нотасына ылайык, казакстан тарап “Актилек-автожолу” (Кыргыз Республикасы) - “Айша - биби” (Казакстан Республикасы) жана “Чоң -Капка-автожолу” (Кыргыз Республикасы) - “Карасу” (Казакстан Республикасы) өткөрүү пункттарында эл аралык жүк ташууларды ишке ашыруучу транспорт каражаттарынын казак-кыргыз мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорт каражаттарынын айдоочуларына карата күчөтүлгөн санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды (анын ичинде тестирлөөнү) жүргүзүү менен убактысын чектөөсүз өткөрүүнү калыбына келтирүү чечимин кабыл алды.

Азыркы учурда “Чалдовар – автожолу” контролдук - өткөрүү пунктун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, эки өлкөнүн вице-премьер - министрлеринин жана вице -премьер-министрлеринин деңгээлинде бир катар сүйлөшүүлөр өткөрүлүп келген, ошондой эле 2020-жылдын 14-апрелинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу (видео конференция түрүндө) болуп өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгып сүйлөшкөн, анда социалдык жактан маанилүү товарлардын, тамак-аш азыктарынын, медицина жабдыктарынын жана препараттарынын, өздүк коргонуунун медициналык каражаттары ж. б. товарларын эркин өткөрүү принцибин сактоо зарылчылыгы белгиленген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу