2020-жылдын I кварталы үчүн КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө

Новости
17-Апрель 2020-ж.
1025

2020-жылдын январь-март айлары үчүн республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс-маалымат

(УСКнын алдын ала маалыматтарынын негизинде)

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоолору боюнча 2020-жылдын январь - март айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун (мындан ары-ИДП) көлөмү 111,3 млрд. сом суммасында түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 1,5% ды түздү (2019-жылдын январь-мартында 105,2 %), Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 100,8% ды түздү (2019-жылдын январь - мартында-101,3 %). ИДПнын дефлятору 103,3% дын деңгээлинде түзүлдү.

Экономикалык өсүш курулушту кошпогондо, экономиканын бардык секторлору тарабынан камсыз кылынган, мында өндүрүштүн көлөмүнүн 2,6% га төмөндөшү байкалды: айыл чарбасында көлөм - 1,4% га, өнөр жайда - 1,1% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 2,1% га реалдуу өстү.

1-таблица

ИДПны түзүүчү секторлор боюнча түзүм жана өсүү темптери


Көрсөткүчтөр 


2019-ж. январь-март

2020-ж. январь-март

млн. сом

Өсүү

темпи

%

ИПДга карата

%

млн. сом

Өсүү

темпи

%

ИПДга карата

%

ИДПнын өсүшүнө салымдын үлүшү

ИДП

106173,5

105,2

100

111347,9

101,5

100

1,5

Өндүрүш 

24130,7

115,2

22,7

28299,8

101,1

25,4

0,25

Айыл чарба

7539,1

101,1

7,1

7940,3

101,4

7,1

0,1

Курулуш

6080,7

103,3

5,7

5991,3

97,4

5,4

-0,15

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү

51885,9

101,3

48,9

55290,2

102,1

49,7

1,03

Продуктыга таза салык

16537,1

105,3

15,6

13826,3

101,5

12,4

0,23


Номиналдуу ИДП түзүмүндө экономикадагы түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 2,4 пайыздык пунктка көбөйгөн жана 37,9% ды түзгөн, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 49,7% ды түзүп, 0,8 пайыздык пунктка көбөйгөн.

Айыл чарба. 2020-жылдын январь-март айларында 24,7 млрд. сом суммасындагы айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлдү. 2019-жылдын тийиштүү мезгилине карата реалдуу өсүү темпи 101,4% ды түздү. 

ИДПны түзүүгө айыл чарбасы тарабынан салым 0,1 пайыздык пункттун деңгээлинде бааланат, анын ИДПнын өндүрүш түзүмүндө салыштырма салмагы 7,1% ды түздү. 

Айыл чарба продукциясын дүң чыгаруунун көлөмүнүн өсүшү 2019-жылдын январь-мартына салыштырганда мал чарбасынын продукцияларын өндүрүүнүн 1,4% га жогорулашы менен шартталды.

Учурда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматы боюнча, жазгы талаа иштери коронавируска байланышкан кырдаалына карабастан, кечиктирилбестен өткөрүлүп жатат.

Өндүрүш. 2020-жылдын январь-март айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 74,9 млрд. сомго продукция өндүрүлгөн, 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 0,6% га көбөйгөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда - 35,7 млрд. сом, физикалык көлөмдүн индекси 95,7 % ды түздү, анын 4,3% га төмөндөшү мунайзат өндүрүүнүн көлөмүнүн 56,7 %га, резина жана пластмасса буюмдарын - 14,3% га, жыгач жана кагаз буюмдарын - 6,8% га, химиялык продукцияны - 5,7% га, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуу - 8,7% га кыскарышы менен шартталган.

ИДПны түзүүгө өнөр жай өндүрүшүнүн салымы 0,25 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат. ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү өнөр жайдын салыштырма салмагы 25,4% ды түздү. 

Курулуш. Курулуш секторунда 2020-жылдын январь-март айларында негизги капиталга каржылоонун бардык булактарынын эсебинен инвестициялардын көлөмү 17,9 млрд. сомду түзүп, 6,3 %га төмөндөгөн (2019-жылдын январь-март айларында өсүш - 1,2 %). 

2019-жылдын январь – март айларына салыштырганда ички булактардын эсебинен негизги капиталга каржылануучу инвестициялардын көлөмү 0,5% га төмөндөдү, мында жергиликтүү бюджеттин эсебинен - 88,5% га, ишканалардын жана уюмдардын каражаттарынан - 1,0% га, банктардын кредиттеринен - 64,3% га, ошол эле учурда республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган инвестициялар 3,2% га, калктын каражаттары - 6,2% га өстү.

Тышкы каржылоо булактарынын эсебинен инвестициялардын көлөмү 24,6% га азайды, мында чет өлкөлүк түз инвестициялардын эсебинен - 43,1% га, чет өлкөлүк гранттар жана гуманитардык жардамдар 68,8% га, ошол эле учурда чет өлкөлүк кредиттердин эсебинен алар тескерисинче 56,2% га көбөйдү.

Курулуш секторунун экономикалык өсүштүн темпине тийгизген таасири терс жана ИДПны түзүүгө салымы (-) 0,15 пайыздык пунктту түздү, ИДПнын өндүрүш түзүмүндөгү салыштырма салмагы 5,4% ды түздү.

Курулуштагы көлөмдөрдүн азайышынын негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • түз чет өлкөлүк инвестициялардын түшүүсүн 43,1 % га азайтуу жана ишканалардын КВ жүгүртүү каражаттарынын багыттарын кыскартуу;
  • карантиндик тыюу салуу учурунда, курулуш компанияларын ишин токтотуу, республикада инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тартылган Кытай компанияларынын кызматкерлеринин жоктугу (жаңы жылдык каникулдан кийин карантиндик тыюу салуунун таасиринен улам кайра келе алышкан эмес);
  • чек аралардын жабылышы жана курулуш материалдарынын, машина тетиктеринин жана жабдууларын ташып келүүнүн чектелиши;
  • жеке адамдардын акча которууларынын таза агымынын 11,5% га төмөндөшү (2020-жылдын январь-февраль айлары);
  • мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча баштапкы күрөөгө коюлган сумманы азайтуу жагына кайра карап чыгуу.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. 2020-жылдын январь-март айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң чыгарылышы 93,9 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, мында өсүштүн реалдуу темпи 2,1% ды түздү.

2020-жылдын январь-мартында дүң-чекене соода кызматынын дүң чыгарылышы 27,6 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, ал эми реалдуу көрүнүштү 4,3% га көбөйдү. Дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн жогорулашы негизинен автомобилдерди жана мотоциклдерди сатууну кошпогондо, чекене соода көлөмүнүн 3,5% га өсүшү менен камсыз кылынды.

Мейманканалардын жана ресторандардын дүң чыгарылышы 102,9% га өсүү темпи менен 4,0 млрд. сомду түздү.

Мейманканалар жана ресторандар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшү негизинен, тамак-аш ишканалары тарабынан камсыз кылынды, алардын жалпы көлөмү 92% ды түздү.

Отчёттук мезгилде маалымат жана байланыш тармагынын дүң чыгарылышы 6,6 млрд. сомду, ал эми өсүү темпи 100,7% ды түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-февралында 931,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 1,5% га кыскарды. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен республиканын өз ара соодасынын көлөмү 402,7 млн АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,5% га көбөйдү. 

Кыргыз Республикасынын экспорттук жеткирүүлөрүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-февралында ушундай мезгилге салыштырганда 20,3% га көбөйүп, 310,6 млн. АКШ долл. түздү. 2020-жылдын январь-февралындагы экспорттук жеткирүүлөрдүн көбөйүшү 2019-жылдын январь-февраль айларына салыштырганда алтынды экспорттоонун 47,5% га өсүшү менен шартталган, анын үлүшү 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда республиканын экспорттук жеткирүүлөрүнүн жалпы көлөмүндө 32,6% дан 40,0% га чейин өстү.

Отчёттук мезгилде Кыргыз Республикасынын импорттолгон товарларынын көлөмү 620,8 млн. АКШ долларын түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,7% га кыскарды. Ошол эле учурда алып келинген жашылчалардын көлөмүнүн 4,0 эсеге, цементтин - 1,9 эсеге, автомобилдер жана тракторлор үчүн бөлүктөрдүн көлөмү - 1,8 эсеге, мөмөлөр жана жаңгактардын - 1,6 эсеге, буудай унунун - 1,6 эсеге, кара металлдын - 41,7% га, резина жана андан жасалган буюмдардын - 29,6% га, тамеки буюмдарынын - 29,4% га, химиялык булалардын - 25,5% га, табигый газдын - 18,3% га, мунай продуктылары - 11,2% га, эт жана эт продуктылары - 8,2% га өскөндүгү белгиленди.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси 102,7% ды түздү (2020-жылдын мартынан өткөн жылдын декабрына карата). Инфляциянын орточо жылдык мааниси (2020-жылдын январь-мартынан 2019-жылдын январь-мартына карата) 104,4 %ды түздү (2019-жылдын январь-мартынан 2018-жылдын январь-мартына карата 99,7 %ды түзгөн). 2020 - жылдын март айында 2019 - жылдын декабрь айына салыштырмалуу баалардын тамак-аш продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарына - 5,2 %га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына - 5,1 %га жогорулашы байкалган. Ошол эле мезгилде, азык-түлүк эмес товарларга баалар үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 0,2 %га төмөндөгөн.

Орточо айлык номиналдуу эмгек акы. 2020-жылдын январь-февралында бир кызматкердин номиналдык орточо айлык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 17 173 сомду түзгөн жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 12,8 %га көбөйгөн, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 8,8% га өскөн. 

Жалпысынан 2020-жылдын I кварталындагы экономикада көрсөткүчтөр жыл башынан тартып оң динамиканы мүнөздөйт. 

Бирок азыркы учурда өлкөнүн экономикасы тышкы суроо-талап жана коронавируска (COVID-2019) каршы күрөшүү боюнча жайылган жана көрүлгөн чараларга байланыштуу сунуштар тарабынан терс таасирлерге кабылууда. Акыркы эки жуманын ичинде коронавирустук инфекциянын жайылуусу күчөдү, пандемиянын экономикалык натыйжалары начарлоодо жана аныксыздыктын деңгээли жогору бойдон калууда. Кризис башында ойлогондон да терең болуп чыкты.

Дүйнөлүк экономиканын жана сооданын болжолдонгон басаңдашы негизги соода өнөктөш-өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн абалына терс таасирин тийгизет. Коңшу өлкөлөр менен чек араларды жабуу боюнча көрүлгөн чаралар иш жүзүндө айыл чарба жана өнөр жай продукциясынын экспортунун кыскарышына алып келүүдө, жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына терс таасир тийгизүүдө, ал жерде негизинен комплекттөөчү буюмдар импорттолот.

Россияда жана Казакстанда экономикалык өсүштүн басаңдашы ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келет жана Кыргыз Республикасына акча которуулардын түшүүсүнө терс таасирин тийгизет. Азыркы учурда дүйнөдө жана биздин өлкөдө коронавирустук инфекциянын тез жайылышына байланышкан окуялар эмгек рыногуна басым жасай баштады, бул калктын жумуштуулугуна терс таасирин тийгизди.

Терс факторлордун таасиринин кесепеттерин минималдаштыруу үчүн тышкы соккулардын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планы кабыл алынган (Респ. штабдын 7.03.2020-ж. чечими бек.). 

Бул планда үч негизги багыт боюнча иш чаралар каралган:

- социалдык маанилүү айыл чарба товарларынын жана тамак-аш продуктыларынын запасын жетиштүү деңгээлде камсыздоо;

- өнөр жай ишканаларын колдоо;

- республикалык бюджетти колдоо.

Кризиске каршы планды иштеп чыгуу максатында бизнес жана көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен тиешелүү консультациялар, жолугушуулар жана тегерек столдор өткөрүлгөн. Учурда COVID-19 вирусунун таркалышына байланыштуу социалдык жана экономикалык стабилдүүлүккө терс таасирди азайтуу боюнча 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги чаралар планы кабыл алынды.

Онлайн кайрылуу