Экономика министрлигинде глобалдык азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу обзору боюнча семинар болуп өттү.

Новости
14-Май 2013-ж.
2637

Азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга жооп берген министерстволордун жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ФАО долбоорунун колдоосу аркылуу «Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу улуттук маалыматтык системасын бекемдөө» дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жагдайынын обзору Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында болуп өттү.

Белгилеп кеткендей, улуттук маанилүүлүк катары азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өнөр жай секторунун өнүгүүсүнүн негизги максатын, 2012-жылы 14-январда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы жана 2013-2017-жылдарына Өкмөттүн планы белгилейт.

Анализдин маалыматтарына жана инструменттерине мүмкүндүк алуу биринчи планга чыгат, анткени азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө, жагдайды болжолдоо жана саясатты эффективдүү формулировка кылуу анык жана объективдүү маалыматсыз мүмкүн эмес.

Экономика министри Темир Сариев белгилеп өткөндөй, Кыргызстан бүгүнкү күндө 10 өтө зарыл азыктардын ичинен 3 гана позиция менен өзүн камсыздайт, калганын импорттойт. Министр Ушундай ыңгайлуу жаратылышы жана мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп туруп, мамалекет баары бир азыктарды алып келет ал азыктар ар убакта сапатту эмес”-деп айтып өттү.

Министр, Кыргызстан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 10% гана кайра иштетет, көп бөлүгү жарабай калат. Министерстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жагымдуу шарттарды түзүп бериши керек. Ошонун ичинде, биз жергиликтүү жана чет элдик бизнесмендерди кызыктыруу үчүн кайра иштетүүчүлөргө жеңилдетүүлөрдүү кабыл алдык, аларды 6 айга КНС төлөөдөн бошоттук, пайда салыгынан 3 жылга бошотуп жатабыз.

Мындан тышкары, жылдын аягында Экономика министрлиги Кыргызстандын жашоо сапатына баа берүүнү пландап жатат. Айыл жерлеринде жашаган адамдар азыктарды аз пайдаланышат, аларда азыктанууда ар түрдүүлүк жок. Ошого байланыштуу, Азык-түлүк жана айыл чарба уюму БУУ (ФАО) балык өстүрүү жана өндүрүү аттуу аквокультуранын долбоорлорунун бирин сунуш кылды.

Министр аны менен бирге, өзүбүздү гана камсыз кылуу эмес дүйнөлүк рынокко чыгуу максатында да органикалык дыйканчылыкты жана экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүүнү өнүктүрүү керек-деп маалымдады.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин стат-катчысы Нурлан Дуйшеевдин сөзү боюнча, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана Экономика министрлиги Кыргызстандын территориясында азыктарды сактоо үчүн туура келген сактоо жайларын курууга инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Тамак-аш өндүрүүдө айыл чарба негизги ролду ойнойт. Ал - Биз мыйзам боюнча жеңилдетүүлөрдү, лизинге жабдууларды берип, жеңилдетилген насыя боюнча жардам көрсөтүп жатабыз. Өстүрүлгөн түшүмдүн 10% кайра иштетүүгө кабылат, сактоо убагында да жоготууга учурайт, анткени эски сактоочу жайлар азыктарды сапаттуу сактоо заманбап талаптарына туура келбейт”- деп кабарлады.

Өз кезегинде КР ФАО өкүлү Дорджи Кинлай Азык-түлүк жана айыл чарба уюму БУУ (ФАО) кайра иштетип чыгуу секторунун жардамы менен айыл жерлериндеги кедейликти азайтуу сунушун билдирди. Ал кийинки стратегиялык маселелерди белгилеп өттү: ачкачылык менен күрөшүүгө салым кошуу; азык-түлүк товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу; айыл өндүрүшүнүн мындан да эффективдүүрөөк иштөөсүн түзүү; экономикалык кырсык мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, кырсыктын натыйжасын азайтуу.

Семинардын жүрүшүндө төмөндөгү презентациялар көрсөтүлдү: азык-түлүк кризиси жана баанын өзгөргүчтүгү боюнча ФАОнун экономисти Гульжехан Курбанова, КР азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу берилмелеринин улуттук маалыматтык системасынын потенциалын анализдөө жана баалоо боюнча КРдагы ФАОнун улуттук эксперти Любовь Тен, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ФАОнун мыктысы боюнча ФАОнун эл аралык консультанты Тугрул Темел, КР азык-түлүк балансы боюнча КР УСКнин Айыл чарба статистика бөлүмүнүн башчысы Гульзейнеп Мурсабекова жана КР УСКнин Үй чарбаларын айкалыштырып текшерүү бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб.

ЕвропаСоюзунун (ЕС) финансылык колдоосу менен Азык-түлүк жана айыл чарба уюму БУУ (ФАО) ишке ашырган «Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу улуттук маалыматтык системасын бекемдөө» долбоору КР азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маалыматтык системаны жакшыртууга багыттылган.

Долбоорду ЕС тарабынанан каржыланып жана аны ФАО ишке ашырат, наркы 1,4 млн.евро

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу