Экономиканын учурдагы абалы, валюта рыногуна жана экономикага тийгизген таасири тууралуу кыскача маалымат

Новости
13-Март 2020-ж.
4973

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча 2020-жылдын январь-февралы үчүн ички дүң продуктунун көлөмү (мындан ары – ИДП) 69 млрд. сом суммасында түзүлдү жана өсүштүн реалдуу темпи 4,3% ды түздү% (2019-жылдын январь-февралында 104,7% ды түзгөн), Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүш темпи 103,3% ды түздү (2019-жылдын январь - февралында-101,3 %).

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлору менен камсыздалган: айыл чарбасында көлөмдөр 1,7% га, курулушта - 1,0% га, өнөр жайда - 9,9% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 2,4% га өскөн.

2020-жылдын январь-февралында керектөө бааларынын индекси 101,2% ды түздү (2020-жылдын февралы өткөн жылдын декабрына карата), ал эми инфляциянын орточо жылдык мааниси (2019-жылдын январы-февралына карата 2020-жылдын январы-февралы) 103,7% ды түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январында 473,7 млн. АКШ долларын түздү жана 1,4% га кыскарды. Республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2019-жылы 198,8 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январына салыштырганда 16,5% га көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын январь айында экспорттук жөнөтүүлөрүнүн көлөмү 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,0% га көбөйдү жана 109 млн. АКШ долларын түздү.

2020 - жылдын январында экспорттук жөнөтүүлөрдүн көбөйүшү 2019 - жылдын январь айына салыштырганда алтынды экспорттоо 11,2% га, жемиштерди жана жаңгактарды 3,0 эсеге, пахта буласы 2,1 эсеге, таш көмүрдү 1,9 эсеге, сүт жана сүт продукциясын 1,5 эсеге, баалуу металлдардын кендерин жана концентраттары - 1,5 эсеге, 44,9% га, пластмассаларды жана андан жасалган буюмдарды экспорттоонун 10,3% га өсүшү менен шартталган.

Кыргыз Республикасына импорттук келүүлөрдүн көлөмү 2020-жылдын январь айында 3,2% төмөндөгөн жана 364,7 млн. АКШ долларын түздү.

Импорттук келүүлөрдүн көлөмүнүн 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу азайышы жер семирткичтерди алып келүүнүн 2,2 эсеге, тери буюмдары - 2,1 эсеге, дан өсүмдүктөрү - 2,0 эсеге, кийим предметтери жана ага тиешелүү буюмдар - 1,7 эсеге, бут кийимдер - 25,5% га, электр машиналары жана жабдуулар - 23,9% га, пластмассалар жана андан жасалган буюмдар - 11,5% га, канттын жана кондитердик азыктардын - 11,4% га, кара металлдардан жасалган буюмдардын - 7,6% га, фармацевттик продукциянын - 6,4% га. азайышы менен шартталган.

Жалпысынан экономикада 2020-жылдын 2 айы үчүн көрсөткүчтөр жаман эмес. Ошол эле учурда, азыркы учурда биздин экономикага таасир этүүчү тышкы факторлор бар.

31-декабрда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы коронавирустун күч алуусу жөнүндө жарыялоосунан баштап чектеш өлкө менен чек ара жабык, товарлар менен алмашуу иш жүзүндө жүзөгө ашырылбай келет. Азыркы учурда коронавирус кеңири таралган. Бүгүнкү күндө коронавирустун жуктуруу учурлары 118 өлкөдө катталган, ал эми оору жуктургандардын саны 127, 9 миң, ошону менен бирге каза болгондордун саны 4718 адамды түздү.

Ошол эле учурда, ишкерлер коронавирустун чыгышы кытайдын Жаңы жылы менен дал келгендигин жана бардыгы аргасыз каникулга чыгууга күн мурун даяр болушкандыгын, ошондуктан жөнөтүүчүлөр өзүнүн кампаларында азыктардын запастарын алдын ала толтурушкан жана бул жагдайдын курчтугун бир аз төмөндөткөндүгүн белгилешет. Бирок, Кытай - өнөр жай жана керектөө буюмдарын өндүрүү үчүн негизги комплекттөөчү берүүчү экенин эске алуу менен чек араларды жабуу режимин узак сактоодо, Кытай комплекттөөчүлөрү менен үзгүлтүккө учураганда өлкөнүн экономикасына таасир этиши мүмкүн. 

Жыл башынан тартып 2020-жылдын 1-февралына чейин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө улуттук валюталардын АКШ долларына карата кескин өзгөрүүсү байкалган эмес. Башка өлкөлөрдүн валюталарына карата доллардын курсу салыштырмалуу туруктуу деңгээлде турган (орточо алганда бекемдөө 1,9% ды, ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча – 1,7% ды түздү).

Бирок, өзгөрүүлөрдүн биринчи толкуну Кытай жана башка өлкөлөрдүн коронавирустун тез жайылышына байланышкан окуялар жаатында маалымат чыккандан кийин болду. Натыйжада, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин улуттук валюталар курсу, атап айтканда, рубль начарлай баштаган.

Коронавирус жөнүндөгү маалымат базарларда кысым көрсөтүп, бул терс салым мунай, анын ичинде акча жана чийки зат запастарынан тартып тобокелдүү активдердин кеңири чөйрөсүнө болгон мамилесине таасирин тийгизүүдө.

АКШ долл. карата рублдин курсу 2020- жылдын 1- февралына карата 2% солгунданган. Жалпысынан, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин улуттук валюталарына карата АКШ долларынын курсунун бекемделиши 0,5% ды түзгөн (2020-ж 1-февралына карата).

Экинчи толкуну - мунайга болгон баанын кескин төмөндөшүнө жана АКШ долларынын бекемделишине ОПЕК+ өлкөлөрү буга чейин мунай өндүрүүнүн көлөмүн кыскартуу жөнүндө мурда түзүлгөн келишимди узартуу жөнүндө да анын параметрлеринин өзгөрүүсү жөнүндө да макулдашылган эмес деген маалымат болгон.

Натыйжада, бул жагдай Brent мунайга баанын түшүшү болгон, ал 31% га кыскарган жана баррель үчүн 31,43 долл. түзгөн. Акыркы жолу мындай антирекорд 2016-жылдын январь айында катталган (баррель үчүн 31,5 долл.), ал эми ага чейин 2004-жылы жазында катталган. Андан соң валюта рынокторундагы башка валюталарга карата доллардын курсу кескин бекемделген, россия рубли (2020-жылдын 13-мартына карата абал боюнча) 9,7 % нарксызданды (1 АКШ доллары үчүн 74,02 рублге жеткен), кыргыз сому - 4,3 %. 

Аталган факторлордун фонунда Кыргыз Республикасында инфляциялык күтүүлөр өсө баштады, алар валютанын жогорку суроо-талабына алып келет. Бирок азыркы учурда АКШ доллары менен алмаштыруу курсунун бирдей жана тең өзгөрүшү ЕАЭБдин бардык мүчө- мамлекеттерде жүрүп жатат, ошондуктан, дүрбөлөң келип чыгышы жана ажиотаж үчүн себептер жок.

Республиканын ички рыногунда жагдай 2020-жылдын 13-мартына карата абалы салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Азыркы учурда өлкө жетиштүү көлөмдөгү тамак-аш азыктары жана товарлар менен камсыздалган, баалары ички рынокто күн сайын байкоого алынууда жана мониторинг жүргүзүлүүдө, кескин өзгөрүү байкалган жок, болгону айрым тамак аштарынын жаңы түшүмү чыкканга чейин сезондук мүнөздөгү гана жогорулатуу бар.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу