Экономика министрлиги жыл сайын өткөрүлүүчү мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлер аралык Спартакиадага катышат.

Новости
29-Апрель 2013-ж.
2481
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик спорт жана дене тарбия агенттиги 2013-жылдын октябрь айынан баштап ноябрь айына чейин спорттун 10 түрү боюнча мамлекеттик органдарда иштеген кызматкерлерге Спартакиада өткөрүүнү пландап жатат.

Ошол себептүү, ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ичинде, кийинки спорттун түрлөрү боюнча тандап алуу мелдеши өткөрүлөт: армрестлинг, бильярд, волейбол, гимнастикалык чоюн спорту, дартс, мини-футбол, үстөл тенниси, ок атуу, тогуз коргоол жана шахмат.

Футбол жана волейбол боюнча мелдешти Экономика министрлиги өз алдынча блоктор арасында өткөрүүнү пландап жатат.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу