АКШнын Өкмөтү Экономика министрлигине тоо-кен өнөр жайын өнүктүрү үчүн жардам көрсөтүүдө

Новости
04-Апрель 2013-ж.
2692
""4 апрель 3013 жылы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң бөлмөдө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), USAIDРЕФОРМА долбоору аркылуу, КР ЭМ компьютердик техника, алдынкы геологиялык моделдөө программалары менен информация жана коммуникация техникаларын (ИКТ) өткөрүп берди.

Техниканы өткөрүп берүү аземинде Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариев жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Кыргыз
Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кэри Гордон катышышты. 70 000 АКШ доллардан ашык баадагы техника, министрликтин Жаратылыш ресурстар саясаты боюнча башкармалыгын күнүмдүк иштеринин эффективдүүлүгүн жакшыртууга, анын ичинде кадр саясатын жакшыртуу жана жааттын жалпы өнүгүүсүнө керек болгон негизги куралдар менен камсыз кылат. Экономика министрлиги бизнес-чөйрөнү жана тоо-кен өнөр жайын жакшыртууга арналган реформаларды иштеп чып, аны жана жүзөгө ашырууда алгачкы ролду аткарып келет.

USAID РЕФОРМА долбоору Экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча орто жана узак мөөнөттөгү стратегиясын иштеп чыгууга жардам берип жатат. Бул долбоор, саясий чечимди талкууда мыйзам чыгаруу, көзөмөлдөө, фискалдык, экология, билим берүү жана социалдык тармактын тиешелүү адамадры менен кеӊешип , ал чечим алдыӊкы эл аралык тажырыйбаларды жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү адамадрынын тажырыйбасы менен каалоолорун чагылдыруусун кепилдендирет.

Техниканы өткөрүп берүү аземинде АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору Кэри Гордон мындай деп айтты: Экономика министрлиги республиканын экономикалык өнүгүүсүн жетектөөдө өзгөчө ролду аткарат. Азыркы учурда министрлик олуттуу экономикалык реформаларды лицензия берүү жана кѳзѳмѳлдѳѳ чөйрөсүндө, фискалдык саясат, соода жана инвестициялар, өнөр жай тармактарында ишке ашырып жатат. Министрликтин экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү ойного ролун эске алып, министрлик менен кызматташууну, ошондой эле ага бизнес жана инвестицияларды камсыз кыла турган эффективдүү экономикалык саясатты иштеп чыгууда көмөк көрсөтүүнү USAID жогору баалайт.”

Бул Америка элинин Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу каржыланган көптөгөн долбоорлорунун бири. USAID боюнча кеңири маалымат алуу үчүн биздин төмөнкү сайтка кайрылыңыз: www.usaid.gov


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу