Министр Темир Сариев айымдарды келе жаткан Жаз майрамы менен куттуктайт!

Новости
06-Март 2013-ж.
2900

Урматтуу энелер, эже-карындаштар!

""Аруулук коштогон жаз майрамыңыздар менен ар бириңиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүздүн, балдарыңыздардын бактылуу келечегине ишеним арткан үмүтүңүздөр кабыл болсун!

Жаз менен бирге келген бул майрам Сиздердин, эл-жерибизде бакубат жыргалчылык орносо деп, элибиздин, жерибиздин амандыгын тилеп, даанышмандыктын, сабырдуулуктун кылым баскан касиетин кадырлап, сактап жүргөн үмүтүңүздөрдү коштосун.

Жер –энебиз жашарып, жаңырып, жанданып турган жаз күндөрү жаңылануунун, жаңыруунун, тазалануунун куттуу белгиси болуп, жалпы элибизге жакшылыкты, бейпилдикти, ырыскы-ынтымакты тартууласын.

Бар болуңуздар урматтуу энелер, барыңыздарга бекем ден соолук, үй бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге зор ийгиликтерди каалайм.


""Майрамдык маанай ар бир күнүңүздөрдү коштоп, балдарыңыздардын бактылуу эртеңкисинин кадырлуу, касиеттүү урматы болуп аман болуңуздар!Ар бир каалаган, үмүт кылган тилектер Жараткандан кабыл болсун!

Ушул эле куну Министрликтин Чоң залында Жаз майрамына арналган маракесинде министр Темир Сариев 2012-жылдын 28-майындагы Министрликтин № 133 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин сыйлыктар жөнүндө Жобосуна ылайык, буйругу менен республиканын экономикасын өнүктүрүүгө, реформаларды өткөрүүгө кошкон салымы, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен натыйжалуу жана ийгиликтүү кызматташуусу жана иште кесипкөйлөктү көрсөткөндүгү үчүн Министрликтин Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен айымдарды сыйлады: Бабаева Рысгуль Белековна - текстиль жана жеңил өнөн жайынын жумушчуларынын профсоюзунун РКнын төрайымы, КБК мүчөсү; Утурова Динара Джолдошевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн эксперти.
""

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 145-статьясына, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 36-статьясына, 2012-жылдын 28-майындагы Министрликтин № 133 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин ак ниет, кынтыксыз эмгеги, республиканын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы, иште кесипкөйлөктү көрсөткөндүгү үчүн Министрликтин Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен сыйлады: Шеримбекова Майрамкуль Исажановна – Фискалдык саясат башкармалыгынын Фискалдык тобокелдиктерди талдоо жана баалоо бөлүмүнүн башчысы; Аманова Айсулу Ажакматовна - Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын Өнүктүрүү программалар бөлүмүнүн башчысы; Токтоналиева Бубусара Жапаркуловна - Соода саясаты башкармалыгынын Тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контроль бөлүмүнүн башчысы;

Ак ниет жана кынтыксыз эмгеги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишине кошкон жеке салымы, иште кесипкөйлөктү көрсөткөндүгү үчүн жана 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланышты: Рец Татьяна Борисовна – начальника Управления внешних связей и интеграционных объединений; Кожошева Жекшенкуль – Монополияга каршы саясат башкармалыгынын Атаандаштык чөйрөнү талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Дуйшембиева Бактыгуль Муканбетовна – Соода саясаты башкармалыгынын Тышкы соода жана ДСУ бөлүмүнүн башкы адиси; Бекишева Айсулуу Бердикуловна – Адам ресурстарын башкаруу боюнча кызматынын башкы адиси; Темирбаева Людмила Каражигитовна – Фискалдык саясат башкармалыгынын Эл аралык салыктык мамилелер бөлүмүнүн башкы адиси; Кан Ирина Моисеевна – Фискалдык саясат башкармалыгынын Салык саясаты бөлүмүнүн башкы адиси; Мамбетова Гульнура Чолпонбаевна – Монополияга каршы саясат башкармалыгынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Нурбекова Назгул Садырбаевна – Жаратылыш ресурстары саясаты башкармалыгынын Кен казынасын пайдалануу боюнча саясат бөлүмүнүн адиси; Кожегулова Гульджамила Алымовна – Министрликке караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттинин Банкроттук процесстерди монитөриндөө бөлүмүнүн башчысы; Бакашова Жылдыз Сыдыковна – Министрликке караштуу Атаандаштыкты өңүктүрүү боюнча департаменттин монополияларды жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси; Сатылганова Сабыркул Калиевна – Министрликке караштуу Атаандаштыкты өңүктүрүү боюнча департаменттин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу башкы адиси.

""


Мындан тышкары, ак ниет жана кынтыксыз эмгеги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишине кошкон жеке салымы үчүн жана 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча министр Т. Сариев ыраазычылыгын билдирди: Усеналиева Айнура Кабыловнага – Фискалдык саясат башкармалыгынын Салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адисине; Ахматова Индира Булатбековнага – Укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын башкы адисине; Шаршенова Касиет Нарынбековнага – Укуктук колдоо жана экспертиза кызматынын башкы адисинин м.а.; Абдыбекова Жанна Асанбековнага – Администрациялык-чарбалык жана уюштуруу камсыз кылуу бөлүмүнүн архивариустун м.а.


Негизи: Министирликтин сыйлоолор боюнча Комиссиянын 2013-жылдын 8-январындагы №9 протоколу, сыйлыкка көрсөтүүлөр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу