Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин адистери - метрологдор Турцияда, Гебзе шаарында TUBITAK UME базасында окутуудан өтүштү.

Новости
04-Декабрь 2012-ж.
2522

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 6-отурумунун протоколунун 12.4 пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбор менен Метрология боюнча Түрк Улуттук институтунун (TUBITAK UME) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу максатында TUBITAK UME жана Эл аралык кызматташуу боюнча Түрк агенттигинин (TIKA) финансылык колдоосунда Стандартташтыруу жана метрология борборунун, НК”Кыргыз-Темир жолу” мамлекеттик ишканасынын, Түндүкэлектро” ачык акционердик коомунун жана Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун 11 адис-метрологдору 2012-жылдын 12-ноябрынан 23-ноябрына чейин Турцияда, Гебзе шаарында TUBITAK UME базасында ар түрдүү багыттар боюнча окутуудан өтүштү.

Окутуу TUBITAK UME адистери тарабынан жүргүзүлдү жана өзүнө: теоретикалык курсту (бардыгы үчүн жалпы) жана ар бир адис үчүн тиешелүү багыттар боюнча тажрыйбалык сабактарды камтыган.

Окутуунун бардык катышуучулары баяндамаларды даярдашты жана 29-ноябрда Стандартташтыруу жана метрология борборунун Боз залында бардык адис-метрологдор жана башка каалоочулар үчүн презентация өткөрүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу