Экономика министрлигинин башчысы ЕЭКтин Коллегия мүчөсү (министр) менен болгон жолугушууда Бирликтин ички рыногунда пайда болгон КР үчүн сезгич тоскоолдуктарды талкуулашты

Новости
05-Март 2020-ж.
3788

2020-жылдын 5-мартында Экономика Министрлигинде министр Санжар Муканбетовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча (Министр) Коллегия мүчөсү Г.Л. Варданян менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун максаты болуп байланыштарды түзүү, Евразия экономикалык комиссиясы менен кызматташууну активдештирүү жана бирликтин ички рыногунда пайда болгон, Кыргыз Республикасы үчүн таасирдүү тоскоолдуктарды талкуулоо саналат.

Министр С. Муканбетов азыркы учурда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал тынчсыздандырып жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы тарабынан жүргүзүлгөн, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимде, ЕАЭБ укугуна кирген эл аралык келишимдер жана актыларда каралбаган контролдук-кароо иш-чараларынын, кыргыз-казак жана Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге келүүчү товарларга карата казакстан -россия мамлекеттик чек арасындагы контролдук-өткөрүү пункттарында жашыруун мүнөздөгү бажы контролу ЕАЭБ укугуна шайкеш келбегендиги жөнүндө маселени бир нече жолу көтөргөндүгү бедгиленди.

Ошондой эле Экономика министрлигинин башчысы тараптар диалог жолу менен гана эң татаал маселелер боюнча консенсуска келгендигин белгиледи жана Евразия экономикалык комиссиясынын бул багыттагы иш процесстерин жакшыртуу боюнча иштер берилгендигин билдирди.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү (министр) Г.Варданян комиссиянын Бирликтин укугуна ылайык айтылган суроолорду кароого даярдыгын билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу