Экономика министрлигинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча жүк ташуучулар менен жолугушуу болуп өттү

Новости
05-Март 2020-ж.
4033

Бүгүн, 2020-жылдын 5-мартында КР Экономика министрлигинин чоң залында КР Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын Ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча (Министр) Коллегия мүчөсү Г.Л. Варданян, ошондой эле кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал маселеси боюнча жүк ташуучулар менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы тарабынан жүргүзүлгөн, 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө Келишимде, ЕАЭБ укугуна кирген эл аралык келишимдер жана актыларда каралбаган контролдук-кароо иш-чараларынын, кыргыз-казак жана Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынан ЕАЭБге келүүчү товарларга карата казакстан -россия мамлекеттик чек арасындагы контролдук-өткөрүү пункттарында жашыруун мүнөздөгү бажы контролу ЕАЭБ укугуна шайкеш келбегендиги жөнүндө маселени 2019-жылы бир нече жолу көтөргөн.

КР Экономика министрлигинин акыркы каты ЕЭК комиссиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин атына ушу жылдын февраль айында Казакстан Республикасы менен мамлекеттик чек аранын контролдук-өткөрүү пнкттарындагы абал боюнча жаңыртылган маалымат жана ЕЭК коллегиясында 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 25 жана 28-беренелерин аткаруу зарылчылыгы, ошондой эле ошондой эле ЕЭКтин 2015-жылдын 8-майындагы “Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участоктору аркылуу өткөрүлүүчү товарларга жана транспорт каражаттарына карата бажы контролун жокко чыгаруу жөнүндө” чечими жана Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасы аркылуу өткөн транзиттик жүктөргө карата контролдук-текшерүү иш-чараларын алып салуу жөнүндө Казакстан Республикасына билдирүү берүү маселесин кароо сунушу менен жиберилген.

2020-жылдын 26-февралында ЕЭК Департаменти ЕАЭБдин ички рыногунда тоскоолдуктун белгилери бар экендиги жөнүндө жана Бирликтин ички рыногунун ишинин алкагында тоскоолдук белгилери бар барьер катары Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелери боюнча Комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-аракети квалификациялаган.

                                                                                       

Жакынкы арада ЕЭК Коллегиясынын жыйынында Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунун ишинин алкагында Казакстан Республикасы милдеттенмелеринин аткаруусу жөнүндө маселени чыгаруу күтүлүүдө.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу