2020-жылга Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алууга конкурс жарыяланат

Новости
05-Март 2020-ж.
3907

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш 2020-жылга КР “Сапат жана коопсуздук: жогорку жашоо стандарттарына карай жол!” сыйлыгын төмөнкү чөйрөлөрдө изденип алууга конкурс жарыялайт:

- эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканаларды;

- өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илим-изилдөө мекемелери;

- үрөнчүлүк чарбалары;

- асыл тукум малды көбөйтүү боюнча чарбалары.

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары конкурстук негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылууда, алардын коопсуздугун камсыз кылууда олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, ошондой эле керектөөчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу, башкаруунун жогорку натыйжалуу системасын киргизгендиги үчүн берилет.

2020-жылы конкурска жогоруда аталган чөйрөлөрдөгү уюмдар жана ишканалар катыша алат.

Конкурстун катышуучулары КР сапат боюнча сыйлыгынын критерийлерине ылайык, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендик үчүн КМШ сыйлыгынын критерийлерине шайкеш келтирилген, ошондой эле сапат боюнча Европалык сыйлыкка ылайык бааланат:

- өзүн-өзү баалоо жолу менен (уюмдардын өзүн-өзү баалоосу боюнча анкеталар);

- эксперттик комиссия тарабынан жеринде баалоого болот.

Конкурста активдүү катышкандыгы үчүн жана чыгарылып жаткан продукциянын сапаты жаатында бир кыйла натыйжаларга жетишкендиги жана кызмат көрсөтүүдө жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизгендиги үчүн конкурстун лауреаттары жана дипломаттары КР Өкмөтүнүн белгиленген үлгүдөгү сыйлыктары жана дипломдору менен сыйланышат.

Лауреаттар-уюмдар жана дипломанттар сыйлык ыйгарылган жылын көрсөтүү менен маалыматтык жана жарнамалык материалдарда 3 жылдын ичинде “Сапат” сыйлыгынын эмблемасын пайдалануу укугун алышат.

Ошондой эле белгилей кетчү нерсе, сыйлык алуу үчүн менчигинин түрүнө карабастан, юридикалык жана жеке жактар (субъекттер) талапкер боло алышат.

Конкурска катышуу ыктыярдуу. Конкурска катышууну каалаган субъекттер Кеңештин техникалык катчылыгына белгиленген үлгүдөгү арыз беришет.

Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 1-июнуна чейин, уюмдардын – Техникалык катчылыкка катышуучулардын өзүн-өзү баалоосу боюнча анкеталар - материалдарды берүү 2020-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Конкурстук материалдарда камтылган жана уюмдарга баруулардын жүрүшүндө алынган маалыматтар жашыруун каралат жана башка максаттарга пайдаланылбайт.

Сыйлыктын лауреаттарын тандоо принциби - конкурстук (атаандаштык) түрдө эксперттик баалардык негизинде катышуучулардын ичинен эң мыктысын табуу.

2020-жылга сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын изденип алууга конкурстун бардык маселелери боюнча КР ЭМ караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборуна -сапат боюнча КРнын сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңештин техникалык катчылыгына төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: 740040, Бишкек ш. Панфилов көч. 197, КР ЭМ караштуу СМБ, 313-каб, тел. +996312 66-22-81, факс +996312 66-13-67, e-mail: qms@nism.gov.kg


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу