Экономика министрлигине министрдин жаңы орун басары Бекболот Алиев тааныштырылды

Новости
26-Февраль 2020-ж.
4314

Бүгүн, 2020-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев Экономика министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары Алиев Бекболот Абдыгановичти тааныштырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 26-февралдагы № 115 тиешелүү буйрукка кол койду.

С.Кылжыев министрдин жаңы орун басарын тааныштырууда, Б.Алиев ак ниеттүү жана компетенттүү адис экендигин, КРнын Экономика министрлигине дайындалганга чейин 17 жыл бою КР Финансы министрлигинде адистен баштап мамлекеттик кирешелерди түзүү башкармалыгынын башчысына чейин иштеген. 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары болуп иштегендигин белгиледи.

Бюджеттик жана салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө, салык реформаларын алдыга жылдырууда, финансылык борбордон ажыратуу реформасында, бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүүдө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга активдүү катышкан. Финансы министрлигинин стратегиялык өнүктүрүү планын жана 2007-2008-жылдарда мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгууда топту жетектеген. Салык жана бюджеттик мыйзамдар жаатындагы демилгелерди баалоо, бюджеттер аралык мамилелер боюнча демилгелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген. Финансы министрлигинин коллегиясынын мүчөсү болгон.

Министр С.Муканбетов Б.Алиевди фискалдык саясат маселелерин тейлеген жаңы жоопкерчиликтүү кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгилик жана жетишкендик каалады.

Ошондой эле Экономика министрлигинин командасынын курамында министрдин жаңы орун басары чоң эмгекти, жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылуучу мамлекеттик экономикалык саясатты ишке ашырууда бардык күч-аракеттерин жумшайт деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде министрдин орун басары Б.Алиев көрсөтүлгөн жогорку ишеним үчүн ыраазычылык билдирди, Экономика министрлигинин потенциалы абдан чоң жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган алдыга коюлган тапшырмалар мындан ары да илгерилей берет деп белгиледи.

Б.Алиевдин резюмеси 

Туулган күнү: 16.08.1977.

Улуту: Кыргыз

Билими:

1994 – 1999-ж.ж. Ош технологиялык университети, экономика жана финансы факультети, бухгалтердик учет жана аудит.

2010-2012-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, “Менеджмент” багыты боюнча магистр “Саясий менеджмент” адистиги.

Эмгек жолу:

1999 - 2000-ж.ж. Ош облусу боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору.

2000 - 2001-ж.ж. Ош шаары боюнча мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору.

2001-жылдын апрелинен 2016-жылдын июль айына чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.

2001-жылдын апрель айынан 2006-жылдын августуна чейин - I категориядагы адис, жетектөөчү адис, кирешелерди болжолдоо бөлүмүнүн башчысы, кирешелердин регионалдык пландоо бөлүмүнүн башчысы;

2006-жылдын август айынан баштап 2007-жылдын декабрь айына чейин - фискалдык реформалар стратегиясы башкармалыгынын башчысы;

2007-жылдын октябрь айынан 2008-жылдын июнь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин саясатты иштеп чыгуу боюнча тобунун жетекчиси;

2008-жылдын декабрь айынан 2009-жылдын август айына чейин - бюджеттик саясат башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

2009-жылдын август айынан 2016-жылдын июль айына чейин - мамлекеттик кирешелерди түзүү башкармалыгынын башчысы;

2016-жылдын 15-июлунан 2020-жылдын 26-февралына чейин - КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунда иштеген убакта мамлекеттик ишканаларды инвентаризациялоо жана аларды оптималдаштыруу, мамлекеттик ишканаларды, акционердик коомдорду башкаруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча иштерди жигердүү жүргүздү.

“Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси” класстык чини бар.

Мамлекеттик кызматтын отличниги, финансы-экономикалык иштин отличниги, салык кызматынын отличниги.

КР Финансы министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кошумча билими:

Билимин жогорулатуу боюнча төмөнкү курстардан өткөн: 

Финансылык программалоо жана финансылык саясат, эл аралык Валюта Фондунун Венадагы Бириккен институту, Вена шаары, 2006-жыл. 

Салык салууну реформалоо, ЭКӨУ борбору, Анкара шаары, 2005-жыл. 

“Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн каржы саясаты”, JICA борбору, Токио ш., 2008-жыл. 

Стратегиялык талдоо жана стратегиялык пландаштыруу Бишкек шаары2006-жылы. 

“Өлкөнү өнүктүрүү саясаты” Дүйнөлүк Банк, Вашингтон, 2012-жыл ж.б.

Тил билүүсү: кыргыз, орус

Үй-бүлөлүү 4 баланы тарбиялап жатат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу