Узундукту, электрди жана убакытты өлчөө боюнча СМБнын калибрлөө лабораториялары эл аралык стандарт боюнча аккредитацияланган

Новости
25-Февраль 2020-ж.
4007

Бүгүнкү күндө узундукту, электрди жана убакытты өлчөө боюнча СМБнын калибрлөө лабораториялары ИСО / МЭК 17025:2009 “Сыноо жана калибрлөөчү лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптар” эл аралык стандарт боюнча аккредитацияланган.

Бирок, компетенциясын кайталап ырастоо үчүн СМБнын электрди, узундукту жана убакытты калибрлөө лабораториялары 2020-жылдын 20-23-январларында жана 11-12 -февралдарында аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан инспекциялык контролду жүргүзүү ишинин алкагында убакыт жана узундук интервалын өлчөө боюнча Грециянын эл аралык эксперттерин кабыл алышты.

Эл аралык эксперттерди тартуу зарыл, анткени СМБнын электрди, убакытты жана узундукту калибрлөө лабораториялары республикадагы эталондук лабораториялар болуп эсептелинет жана эталондук жабдык өлкөдөгү эң жогорку тактыктагы техникаларга ээ. Мындан тышкары узундукту калибрлөө лабораториясы узундугу боюнча өлчөө каражаттарын пайдалануучу сыноо жана башка лабораториялардын талаптарын канааттандыруу максатында аккредитациялоо тармагын кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Аккредитациялоочу орган тарабынан инспекциялык контролдон ийгиликтүү өтүү үчүн СМБнын эталондук лабораториялары стандарттын ISO/IEC 17025-2017 “Калибрлөөчү жана сыноо лабораторияларынын компетенциясына жалпы талаптар” жаңы версиясына ылайык менеджмент системасы боюнча өз документтерин кайра иштеп чыккан.

Ошентип, СМБнын эталондук лабораториялары инспекциялык контролдоодон канааттандырарлык натыйжалар менен жана эл аралык стандарттын ISO/IEC 17025:2017 жаңы версиясына ылайык аккредитациялоонун кошумча жаатын кеңейтүү менен ийгиликтүү өттү.

Аккредитациялоо Кыргыз Республикасынын эталондук-калибрлөөчү лабораторияларына өлчөөлөрдүн түрлөрү боюнча өзүнүн техникалык компетенциясын тастыктоого, сыноо жана өндүрүштүк лабораториялар үчүн эл аралык талаптарга ылайык калибрлөө кызматтарын сапаттуу алуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет жана республикада жүргүзүлгөн ченөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларын эл аралык таанууга көмөк көрсөтөт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу