Евразия экономикалык бирлигинин Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы

Новости
25-Февраль 2020-ж.
4120

2020-жылдын 201-февралында Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын (мындан ары - ЕЭК) Кеңешинин жыйыны болуп өттү. ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө интеграциялык өз ара иштешүү маселелеринин кеңири спектри талкууланды.

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ, Бирлик) ички рыногунда тоскоолдуктарды четтетүү маселелери каралды, тышкы экономикалык ишти жөнгө салуу системасында “бирдиктүү терезе” механизмин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруу боюнча 2020-жылга карата милдеттер талкууланды.

ЕЭК Кеңешинин жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды, анын ичинде:

- ЕЭК Кеңешинин буйругу, анда навигациялык пломбаларды колдонуу менен товарларды транзиттик ташууларды көзөмөлдөө системасынын негизинде Евразия экономикалык бирлигинде товарлардын бажылык транзитинин бирдиктүү системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген;

ЕЭК Кеңешинин чечими, анда Евразия экономикалык форум жөнүндө Жобо бекитилген;

- жыйындардын жүрүшүндө кабыл алынган комиссия Кеңешинин актыларына кол коюу механизмин өркүндөтүү жөнүндө ЕЭК Кеңешинин буйругу;

- ЕЭК Кеңешинин чечими, ал ЕЭК Бажы бирлигинин 2011-жылдын 28-январындагы № 526 Чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин алкагында милдеттүү талаптар белгиленген продукциялардын Бирдиктүү тизмеси никотин камтыган продукция менен толукталат;

- ЕЭК Кеңешинин чечими, анда Евразия экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын бажы чек аралары аркылуу өткөрүлүүчү, 2019-жылдын 6-июнунан ал күчүнө кирген датадан тартып Евразия экономикалык бирлиги үчүн милдеттүү эл аралык жүк ташуулардын товарлары жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну таануу сунушталат ж.б.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу