Преференциялык калктуу пункттарда кайра түзүлгөн ишканаларды бир катар салыктарды төлөөдөн бошотуу каралган

Новости
24-Февраль 2020-ж.
3772

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153, 159-1, 213, 315, 330, 344-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун алкагында преференциялык калктуу пункттарда кайра түзүлгөн ишканаларды мүлк салыгын, жер салыгын, пайдага салык жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотуу каралган.

2019-жылдын 16-декабрында биринчи болуп Токмок шаарынын Мэриясы жана “Кыргыз Темир Групп” ЖЧК инвесторунун ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүлгөн, ушул Макулдашуу боюнча негизги шарттар: беш жыл ичинде 700 млн. сом өлчөмүндөгү инвестициялар, 50 дөн кем эмес жумуш орундарын түзүү, өндүрүштүн көлөмүн 200 миң тонна өлчөмүндө камсыздоо жана 387 миң сом суммасында киреше салыгын төлөө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген преференциялар жогоруда аталган токтомдун алкагында региондук бизнести колдоо жана өлкөнүн региондоруна инвестициялардын келишине дем берүү үчүн шарт түзөт, ал өз кезегинде жергиликтүү аймактардын жалпы өнүгүүсүнө жана калктын жашоо деңгээлине оң таасирин тийгизет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу