Айыл чарба жана токой чарба тракторлорун жана алардын чиркегичтерин, айыл чарба машиналарын жана жабдууларын сыноо жүргүзүүгө ыйгарым укук берүү

Новости
14-Февраль 2020-ж.
3672

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2020-жылдын 3-февралындагы № 25 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы  712 “Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык “Ак-Суу Техосмотр” жоопкерчилиги чектелген коому, “Айыл чарба, токой чарба тракторлорунун жана алардын чиркегичтеринин коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 031/2012) жана “Машиналардын жана жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 010/2011) Бажы бирлигинин техникалык регламенттери боюнча аккредитациялоо тармагына ылайык 20 айлык мөөнөткө айыл чарба жана токой чарба тракторлорун жана алардын чиркегичтерин, айыл чарба унааларын жана жабдууларын сыноо жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу