Аккредитациялоо аттестатын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химико-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза боюнча лабораториясы алды.

Новости
19-Март 2015-ж.
2300

Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу алдында, 2015-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик агентигинин ветеринардык тармагындагы биринчи лабораториясы аккредитацияланды.

Аккредитациялоо аттестатын Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химико-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза боюнча лабораториясы алды.

Химико-токсикология жана ветеринардык-санитардык экспертиза боюнча лабораториясы ИСО/МЭК 17025:2005 эл аралык стандартына ылайык аккредитацияланды.

Бул аккредитациялоо, чийки сүттө, пастерленген сүттө, стерилизацияланган сүттө, кургак сүттө, ошондой эле союлган малдын этинин баардык түрлөрүндө, канаттуулардын этинде жана башка малдан алынган чийки заттарынын түрлөрүндө антибиотиктин баарын аныктоо, антибиотиктердин калган санын жана микробторго каршы химиотерапевттик заттарын аныктоо тармагында улуттук техникалык регламенттеринин жана Бажы биримдигинин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык сыноо жүргүзүүгө техникалык компетенттүүлктү көргөзөт.

Ветеринардык лабораторияны аккредитациядан өткөрүү бул сыноо лабораторияларын Бажы биримдигинин талаптарына даярдоо боюнча кадамдарынын бири.

Ошондой эле Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун вирусологиялык лабораториясын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химизациялоо жана коргоо департаментинин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча борбордук лабораториясын аккредитациядан өткөрүү боюнча керектүү иштер жасалып жатат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу