Туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо Фондунун иши жөнүндө

Новости
08-Январь 2020-ж.
4039

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо Фондунун ишинин 

алкагында артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун тизмесин түзүү боюнча кеңеш өз ишин улантууда.

Бүгүнкү күндө Кеңеш бир катар жыйындарды өткөрдү, анда ПРООНдун “КМШ аймагында туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо” долбоорунун техникалык жардамы менен ТЭНди (бизнес-пландарды) иштеп чыгууга 20дан ашык бизнес-долбоорлордун табыштамасы каралган жана алардын ичинен 6 бекитилген.


Ошондой эле ПРООНдун долбоору аркылуу ТЭНди иштеп чыгууга ата мекендик консалтинг компаниясы тандалып алынган, бул компания Кеңеш тарабынан бекитилген бизнес-долбоорлордун табыштамалары үчүн техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга киришти.

Бизнес-долбоорлордун Кеңеш тарабынан жактырылган арыздар Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын камтыйт жана айнек идиштерди өндүрүү (банкалар жана бөтөлкөлөр), йоддолгон тузду өндүрүү, электромобилдерди чогултуу, суу эсептегичтерди чогултуучу өндүрүштү түзүү, Ысык-Көлдүн жээгинде спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплексти куруу жана өнүктүрүү сыяктуу иштердин түрлөрүн сунуштайт.

Бизнести кеңейтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишкерлер тандоо критерийлерин жана арыздын формасын (http://mineconom.gov.kg/ru/direct/7/179) сайтынан көчүрүп алууга жана толтурулган арыздарды Кеңештин катчылыгынын (fpp.invest@gmail.com) электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу