Экономика министрлигинин жетекчиси Казахстан Республикасынын Премьер – министри менен жолугуушусунда, евразиялык экономикалык интеграциясынын шарттарында экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Новости
03-Март 2015-ж.
2194
""
Кыргыз Республикасынын экономика минитринин Казахстан Репсукбликасына болгон иш-сапарынын чегинде (2015-жылдын 4-5 мартында), Казахстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов менен жолугуушу болду.

Жолугуушунун негизинде, Тараптар евразиялык экономикалык интеграциясынын шарттарында экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошону менен бирге, Казахстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуу боюнча Жол картасында каралган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн 100 млн. АКШ.долл. акысыз каражаттарын бөлүп берүү боюнча жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн да талкууга алышты.

Ошондой эле, экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерин талкуулоонун журүшүндө, министр Т.Сариев К.Масимовко КР Президенти А.Атамбаевден кат берди.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу