30 жылдын ичинде биринчи жолу илимий изилдөө институттарынын жана Экономика министрлигинин жыйыны өткөрүлдү

Новости
30-Декабрь 2019-ж.
5024

2019-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде КР Өкмөтүнүн Аппратынын, Экономика министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, илимий-изилдөө институттарынын жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Экономикалык саясатка илимий мамилени киргизүү” темасында I жумушчу семинары болуп өттү.

КР Экономика министри Санжар Муканбетов жана КР вице-премьер-министринин кеңешчиси Абай Алымкулов чыгып сүйлөштү 

Министр С. Муканбетов мамлекеттик экономикалык саясаттын актуалдуу жана илимий негизделген багыттарын иштеп чыгуу үчүн министрликтин жана илимий чөйрөлөрдүн тыгыз өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга окумуштуулар менен ишкерлердин өз ара тыгыз байланышын камсыз кылууга да өзгөчө көңүл буруу керек деп белгиледи.

КР вице-премьер-министринин кеңешчиси “Экономикалык саясатка илимий мамилени киргизүүнүн” күн тартибиндеги маселени талкулоого сунуштоо менен аны өткөрүүнүн өзгөчө форматын, алгачкы жолу 30 жылдын ичинде илимий-изилдөө институттарынын жана Экономика министрлигинин жыйыны болуп өткөндүгүн белгиледи. Илимий-изилдөө институттарынын, окумуштуулардын жана мамлекеттик органдардын кийинки жумушчу кеңешмелерине кеңири катышуусуна жана бул салт болуп калуусуна болгон ишенимин билдирди. Ал учурдагы көйгөйлөрдү айтып, Кыргызстандагы экономикалык саясатка болгон илимий мамилени ийгиликтүү жайылтуу үчүн негизги милдеттерди белгиледи.

КР Экономика министрлигине караштуу экономикалык саясатты изилдөө институтунун директору Алмаз Исанов институттун жумушчу концепциясын презентациялады жана бүгүнкү күндө академиялык мекемелер негизги изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле тематикалык жана аймактык кластерлерди, өзгөчө өнөр жай секторунда өнүктүрүүгө басым жасоо сунушталды.

КР Соода-өнөр жай палатасынын биотехнологияларды өнүктүрүү боюнча комитетчесинин төрагасы Улукман Мамытов тарабынан “КР экономикасын өнүктүрүүдө биотехнологиянын ролу” темасында презентация өттү. Биотехнологияга кызыгуусу дүйнө жүзү боюнча өсүп жатат жана бул өнүгүп келе жаткан илимий-технологиялык багыттарынын бири болуп калды жана Кыргызстанда биотехнологияларды өнүктүрүү, бизнес менен тыгыз аракеттенишип, экономикага багыт алуу менен баштоо абдан маанилүү деп белгиленди. Фундаменталдык илимий изилдөөлөрдөн тышкары биотехнологияларды өнүктүрүү, баарынан мурда жаңы иштеп чыгууларды иш жүзүндө колдонууну талап кылат жана бул илимий-технологиялык тармакты коммерциялаштыруу анын ийгиликтүүлүгү үчүн өтө маанилүү. “Биотехнология стратегиялык маанилүү тармак болушу мүмкүн. Биз өлкөбүздө биотехнологияны өнүктүрүү үчүн приоритеттерди туура белгилеп, ресурстарды мобилизациялашыбыз керек”, - деди У.Мамытов.

Жумушчу кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик Жумагул Алышбаев атындагы Экономика институтунун Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү: э.и.д. Токтобүбү Дыйканбаева, э.и.д. Калил Жумабаев, э.и.к. Сонунбүбү Саякова, э.и.к. Темирбек Акматалиев жана э.и.к. Азык Орозонова катышышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу