Кыргызстан жана Венгрия Өкмөттөрү ортосунда Кош салык салуудан качуу тууралуу келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду болуп өттү

Новости
13-Декабрь 2019-ж.
4134

2019-жылдын 10-13-декабрларында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу долбоору боюнча жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы кирешелерге карата салыктарды төлөөдөн баш тартууга жол бербөө боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду өттү.

Маалымат үчүн:

Азыркы учурда кирешелердин жана капиталдын белгилүү бир түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу өнөктөш - өлкөлөрдүн ортосундагы салыктык өз ара мамилелерди жөнгө салууга багытталган, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу келишимдерди түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мындай өз ара мамилелердин негизги максаты чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине жана капиталына Кош салык салууну ар кайсы өлкөлөрдө ошол эле салыктар менен четтетүү болуп саналат.

Кош салык салуудан качуу тууралуу Макулдашуу республиканын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу каражаты катары каралаарын да белгилеп кетүү керек.

Андан тышкары, Келишимдердинин негизги милдети бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекеттин басмырлоочу салык салуусунан коргоо, салык салуудан же Макулдашуулардын жоболорун кыянат пайдаланууга жол бербөө, келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алышуу болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу