Үч МЖӨ долбоорлору боюнча макулдашууларга кол коюлду жана ишке ашыруу стадиясында турат

Новости
10-Декабрь 2019-ж.
5391

Бул туурасында бүгүн, 2019-жылдын 10-декабрында Бишкекте өткөн “Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун ишке ашырууну активдештирүү” пресс-конференциясында КРнын Экономика министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын башчысы Ханчоро Мурзалиев, КР ЭМге караштуу МЖӨ борборунун директору Данияр Абдылдаев, BPC швейцариялык компаниянын өкүлү, долбоордун жетекчиси Арсен Кондакхан жана “Эмарк Групп” курулуш компаниясынын башкы директору Ильяс Ормошов билдиришти.

Атап айтканда, Х. Мурзалиев МЖӨ чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан саясат жана жөнгө салуу - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө Мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу маалымат берди. Мыйзамдын жаңы редакциясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө жана даярдоо жол-жобосун кыйла жеңилдетти жана бир катар карама-каршылыктарды четтетти. Ошондой эле тендердик документтерди макулдашуу жол-жобосу жөнөкөйлөтүлдү, - деп билдирди ал.

Д. Абдылдаев түзүлгөн Мамлекеттик –жеке өнөктөштүк борбору жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында ар кыл стадияларда МЖӨ долбоорунун 23 долбоору турат, алардын жыйынды наркы 300 млн. АКШ долларын түздү. Алардын ичинен 6 транспорт чөйрөсүндөгү долбоор, 5 саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү долбоор, билим берүү чөйрөсүндөгү 5 долбоор, 4 спорт жана туризм чөйрөсүндөгү долбоор, ошондой эле логистика, мейманкана жана маданият иш чөйрөсүндө бирден долбоор.

Төмөнкү үч долбоорлор боюнча макулдашууларга кол коюлду жана ишке ашыруу стадиясында турат:

  • “Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу”;
  • “Кызыл-Кыргызстан кинотеатрын реконструкциялоо”;
  • Коомдук транспорттогу электрондук билет, - деп билдирди МЖӨ борборунун директору.

МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруучу бизнес өкүлдөрү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришти. 

А. Кондакхан “Бишкек шаарындагы коомдук транспорттогу электрондук билеттөө” МЖӨ долбоору тууралуу билдирди. Бардык муниципалдык автобустардын жана шаардын троллейбустардын жол кире акысын “Тулпар” картасынын жардамы менен төлөсө болот. Бүгүнкү күндө электрондук билет даярдалууда, алар үч категорияда болот: пенсионерлер жана ДМЧА үчүн жеңилдетилген карта, мектеп окуучулары үчүн карта жана жеңилдетилбеген типтеги стандарттык карта. Карта жоголгон учурда картаны бөгөттөп коюуга болот. Карталар почта бөлүмдөрүндө, мобилдик операторлордун офистеринде жана тармактык дүкөндөрүндө сатылат.

И.Ормошов “Кызыл – Кыргызстан” кинотеатрын реконструкциялоо – МЖӨ долбоору тууралуу маалымат берди. 2019-жылдын 3-декабрында “Кызыл-Кыргызстан” кинотеатрынын пайдубалына капсула салынган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу