Министрдин орун басары С. Ахматов: Азыркы учурда КРда МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Новости
03-Декабрь 2019-ж.
3954

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Султан Ахматов “МЖӨ кызматташтык же атаандаштык” тегерек столунун жүрүшүндө билдирди, ал бүгүн, 3-декабрда Бишкек ш. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун, ЖК депутаты Акылбек Жапаровдун, КР Маданият министри Азамат Жаманкуловдун, КР Финансы министрлигинин статс-катчысы Абдухалык Шамшиевдин, МЖӨ маселелери боюнча эксперт Гульнара Каликованын, ошондой эле ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана бизнес – коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн.

Министрдин орун басары С. Ахматов МЖӨнү өнүктүрүү дүйнөнүн өнүккөн, ошондой эле өнүгүп жаткан өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында да актуалдуу экендигин белгиледи. Тегерек үстөл МЖӨ чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча мыйзамдагы акыркы жаңылыктарды талкуулоого жана бизнес өкүлдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү жана каалоолорун билүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк берди. 

Мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгү өлкөнүн маанилүү социалдык-экономикалык милдеттерин чечүүнүн маанилүү куралдарынын бири болуп саналат. Өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктарына таянуу менен Өкмөт социалдык жана өндүрүштүк инфраструктураны жакшыртууга умтулат, анда бизнестин катышуусу маанилүү роль ойнойт.

Биринчи долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы МЖӨ долбоорлорун даярдоодо бир катар татаалдыктарды, ошондой эле айрым мыйзам талаптарынын шайкеш эместигин жана натыйжасыздыгын аныктаган. Бул, ошондой эле башка себептер МЖӨ жөнүндө мыйзамдарды кайра карап чыгуунун зарылчылыгына алып келди.

2017-жылы Экономика министрлиги МЖӨ жөнүндө колдонуудагы мыйзамды кайра карап чыгууну демилгеледи. Ушул жылдын июнь айында мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган.

Негизги жаңы жоболор арасында төмөнкүлөрдү белгилей кетүү керек:

- терминология кеңейтилди (“Ири МЖӨ долбоору” түшүнүгү кошулду, анда 700 млн. сомго барабар же андан ашык өлчөмдөгү сумманы түзгөн болжолдонгон инвестициялар);

- башка чөйрөлөрдө МЖӨ механизмин иш жүзүндө колдонуу кеңейтилди; (электрондук башкаруу; финансы жана банк кызмат көрсөтүүлөрү чөйрөсү);

- мамлекеттик өнөктөштөрдүн (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана башка уюмдар, долбоорлорду демилгелөөгө укуктуу) адамдардын тизмеси кеңейтилди;

- бизнес тарабынан МЖӨ долбоорлорун демилгелөөгө укук берилди;

- тендердин катышуучуларынын саны боюнча тоскоолдуктарды алынып салынды;

- тендердик документтерди макулдашуу жөнөкөйлөтүлдү;

МЖӨ тууралуу макулдашууда камтылышы керек болгон милдеттүү жоболорго МЖӨ жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин МЖӨ жөнүндө Макулдашуунун аткарылышына байланыштуу берилген инфраструктура объектин жана башка укуктарды мамлекеттик өнөккө кайтарып берүүнүн тартиби жөнүндө ченем кошулган.

Жыйынтыгында министрдин орун басары бул тегерек стол КРда МЖӨнү системалык жана натыйжалуу өнүктүрүү максатында бизнес-коомчулуктун мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара аракеттешүүсү үчүн жардам берет деген үмүтүн билдирди.

Андан соң дискуссия болду, анда катышуучулар жеке сектордун МЖӨ долбоорлоруна катышуусунун мыйзамдык негиздерин талкуулашты, МЖӨ долбоорлорун түздөн-түз ишке ашыруучу бизнес өкүлдөрү менен, алардын көйгөйлөрүн жана каалоолорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш алып барууда мамлекет жана бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөр менен таанышышты.

Жыйынтыгында тегерек столдун резолюциясы кабыл алынды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Экономика министрлигинин, КР ЭМ алдындагы МЖӨ борборунун жана “Бурана Гранд” ЖЧКнын өкүлдөрү тарабынан “Кызыл-Кыргызстан” жаңы кинотеатрынын пайдубалына капсула салынды.

Маалымат үчүн:

2019-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КР Экономика министрлигинин алдындагы МЖӨ борборун түзгөн. 2019-жылы 22-июлунда “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” КР жаңы Мыйзамы кабыл алынган. Азыркы учурда Кыргызстанда гемодиализ борборлорун түзүү, “Кызыл-Кыргызстан” кинотеатрын куруу, шаардык коомдук транспортто электрондук билет өткөрүү боюнча бир нече МЖӨ долбоорлору ишке ашырылууда. Бала бакчаларды, шаардык парктарды куруу, логистикалык борборду куруу жана башкалар боюнча долбоорлор даярдоо процессинде. МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын жаңылыктарынын бири болуп жеке компаниялардын МЖӨ долбоорлорун демилгелөө укугун караган жоболор саналат. Көпчүлүк өлкөлөрдө МЖӨнүн долбоорлорунун 25% дан 50% га чейинкиси жеке компаниялар тарабынан демилгеленет. Кыргызстанда бул практика бир катар себептер боюнча өнүккөн эмес: кээ бир жеке компаниялар мындай мүмкүнчүлүктөр тууралуу билишпейт, башкаларында бир топ маселелер пайда болот, үчүнчү - мамлекет ж.б. дагы долбоорлор боюнча даярдыктын жана конкурсту өткөрүүнүн жол-жоболорунун татаалдыгы жана узактыгына байланыштуу бизнес менен кызматташпайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу