Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу сереп – 2020 долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтордун консультативдик жолугушуулары жөнүндө

Новости
28-Ноябрь 2019-ж.
3878

2019-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Автандил Алыбаевдин жетекчилиги алдында КРда Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүүнүн Улуттук ыктыярдуу сереп (Улуттук ыктыярдуу сереп - 2020) долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтордун маалыматтык - консультативдик жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы Алымбек Орозбеков ТӨМдү ишке ашыруу алкагындагы мындай жолугушуулар туруктуу болууга тийиш жана бардык кызыктар тараптардын күч-аракеттери өлкөнү өнүктүрүү, жашоонун шарттарын жакшыртуу жана келечек үчүн биригиши керектигин билдирди.

Кыргызстанда жарандык коом күчтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосундагы мындай конструктивдүү баарлашуу өлкөдө орчундуу проблемаларды чечүүнүн жана конструктивдүү ой-пикирлерди ачык талкуулоого шарт түзөт - деп белгиледи министрдин орун басары А. Алыбаев.

Андан соң А. Алыбаев Улуттук ыктыярдуу баяндаманы даярдоо процесси боюнча 2030 күн тартибин интеграциялоо жана аны ишке ашыруу багытында жасалып жатканы тууралуу маалымат берди. БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары 2018-2040-жылдарга КР Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын, ошондой эле “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” орто мөөнөттүү Программасынын максаттары дал келе тургандыгын белгиледи. 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын кабыл алуу менен өлкөнүн өнүктүрүү жаатында көз карашы калыптанды.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков жумушчу топтун иши, соттук жана укук коргоо системасын реформалоо жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде жумушчу топтордун өкүлдөрү социалдык өнүгүүсү; КР Улуттук артыкчылыктарын эске алуу менен ТӨМгө жетишүүгө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле улуттук ыктыярдуу баяндаманын бөлүмдөрүн даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди жана баалоо тууралуу маалымат алышты.

Жарандык сектордон КР Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору Татьяна Третьякова Улуттук ыктыярдуу серепчилерди даярдоодо жарандык коом менен эл аралык жана улуттук кызматташтык боюнча презентациясы менен чыгып сүйлөдү.

Бардык презентациялардан кийин өлкөдө ТӨМдү ишке ашыруу, маалымдуулукту жогорулатуу, КДБны даярдоодо жарандык секторду өнүктүрүү жана тартуу багыттары боюнча биргелешкен иштер үчүн аянтча түзүү боюнча дискуссия уюштурулду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу