Кыргызстанда мунайзаттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү жөнүндө

Новости
25-Ноябрь 2019-ж.
4076

Кыргызстанда мунайзаттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын ишке киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 1-январында Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунайзаттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 “Кыргыз Республикасынын аймагындагы мунайды жана мунайзаттарын эсепке алуу жана контролдоо жөнүндөгү” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында мунай заттарын алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга контролду күчөтүү максатында жаңы талаптар белгиленет.

Дүң сатуу менчик укугуна же башка мыйзамдуу негиздерде мунайзаттын же резервуардын базасына ээ болгон шартта гана ишке ашырылат. Ал эми чекене сатуу автомай куюучу станцияларда гана АЗС контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунайзаттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук тутуму менен камсыз болгон шартта жүргүзүлөт.

Мунайды жана мунайзаттарын эсепке алуунун жана контролдоонун электрондук системасына карата жаңы талаптарга ылайык, 2020-жылдын 1-январынан баштап КРнын аймагында АЗС мунай заттарын чекене сатууну ишке ашырган бардык ишкердик субъекттери авто май куюучу жайларда мунайзатты эсепке алуунун автоматташтырылган системасын колдонууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, ишкердик субъекттер өз алдынча АЗС мунай заттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын орнотот жана тейлейт. Мында ал техникалык талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.

Мунайзаттарды жана ККМ берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө талаптарга функционалдык ылайык келбеген учурда, бул АЗСте мунайзаттарын чекене сатууга тыюу салынат.

Мунайзаттарды өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъекттер салык кызматынын маалыматтык системасынын жеке кабинети аркылуу технологиялык чынжырчасы боюнча мунайзаттарды жүктөө үчүн электрондук коштоочу коштомо кагазды тариздеши керек. Электрондук коштомо кагаз мунайзаттар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жана башка маалыматтарды жүзөгө ашыруучу транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды камтыйт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу