2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактуралар системасын киргизүү жөнүндө

Новости
25-Ноябрь 2019-ж.
4518

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 156-1 жана 282-беренелерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны милдеттүү тариздөө 2020-жылдын 1-январынан тартып ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык, 2019-жылдын 1-июлунан тартып эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоор өткөрүлүүдө.

Электрондук эсеп-фактуралар системасын киргизүүнүн негизги максаты болуп, салык милдеттенмелерин аткарууну жөнгө салуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, ишкердик субъекттерине жагымдуу шарттарды түзүү саналат.

Бул долбоордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү үчүн салык салуунун Заманбап эрежелери менен камсыздоо;

- электрондук эсеп-фактураларды колдонуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү;

- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге товарларды экспорттоо боюнча тоскоолдуктарды минималдаштыруу;

- салык төлөөчүлөрдүн жана салык органдарынын электрондук эсеп-фактураларын колдонууда убактылуу жана эмгек чыгымдарын кыскартуу;

- салык төлөөчүнүн салык органдарынын кызматкерлери менен болгон байланышын азайтуу, бул коррупциялык көрүнүштөрдүн азайышына алып келет;

- электрондук документ жүгүртүүнү жана алдын ала салык отчетун автоматтык түрдө даярдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү.

Электрондук эсеп-фактуранын шексиз артыкчылыгы анын ыкчамдыгы болуп саналат. Эгерде мурда башка аймактарга болгон контрагентке оригиналдуу (кагаз) эсеп-фактураларды жөнөтүү учурунда бир кыйла убакытты (күндөр, жумалар) алган болсо, эми ага салык төлөөчүнүн бир нече мүнөтү гана кетет.

Мындан тышкары, электрондук эсеп-фактуралар жана башка документтер менен алмашуу уюмдарга иштин кагазсыз түрүнө өтүүгө мүмкүнчүлүк берет, бул өз кезегинде, чыгымдардын жок дегенде эки беренесин – кеңсе жана почта чыгымдарын азайтууга алып келет.

Жогоруда айтылгандардан тышкары, документтерди алмашуунун бул ыкмасынын талашсыз артыкчылыгы, эсеп-фактураларды тариздөөдө кетирилген бир катар катачылыктардан качуу болуп саналат.

Электрондук эсеп-фактураларды киргизүү мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө оң таасирин тийгизет, анткени салыктык башкаруунун заманбап куралдары пайда болот.

Салык милдеттенмелерин аткаруу эрежелерин жакшыртуу бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, экономиканы өнүктүрүү жана инвесторлор үчүн республиканын жагымдуулугун жогорулатуу фактору болуп калат. Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү шарттары жакшырат, анткени ак ниет салык төлөөчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу