Экономика министринин орун басары баштаган КР өкүлдөр тобу Москва шаарында Кыргызстандын ББга жана ЕЭБке кошулуу маселеси боюнча ЕЭК жумушчу тобунун кезектеги отурумунда катышып жатышат.

Новости
24-Февраль 2015-ж.
2160
Экономика министринин орун басары Данил Ибраев баштаган Кыргыз Республикасынын өкүлдөр тобу 2015-жылдын 24-февралында Москва шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине жана Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндигине (Евразиялык экономикалык биримдикти түзүүнү эске алуу менен) кошулуу маселеси боюнча Евразия экономикалык комиссиянын жумушчу тобунун кезектеги отурумунда катышып жатышат.

Бул отурумда 2014-жылдын 29-майындагы Кыргыз Республикасынын кошулуу келишимине жана Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү келишимине протокол долбоорлорду тазалоо жүргүзүү иштери (кезектеги визалоо менен) каралган.

Ошону менен бирге 2015-жылдын 25-февралында кыргыз өкүлдөрү Соода консультативдик комитетинин астындагы Соода саясаты боюнча комитетинин ишине катышууну пландап жатышат, күн тартипте БДСУ алкагында милдеттенмелерди өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын нотификация (кабарлоо) долбоорун карап чыгуу пландаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу