Экономика министринин орун басары Э. Алишеров: КР экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

Новости
21-Ноябрь 2019-ж.

Бүгүн, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкекте Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеровдун, КР ЭМ Инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги Ханчоро Мурзалиевдин, Тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контроль бөлүмүнүн башчысы Назар Малаевдин, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ариповдун катышуусунда КР экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу маалымат жыйыны болуп өттү.

Э. Алишеров: Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2022 - жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча планы аткарылууда.

Аталган Программа экспорттун көлөмүн өстүрүүгө багытталган. Планда 151 иш-чара камтылган, анын 63 чү 2019 жылга каралган. 

Пландын алкагында экспорттоочуларга башка мамлекеттерге товарларды сатуу процедуралары боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо ишке ашырылууда. ЕАЭБ дин 35 техникалык регламенти мамлекеттик тилге которулуп, экономика министрлигинин сайтына жайгаштырылды, ошондой эле, export.gov.kg маалымат порталында 15 башка мамлекеттердин товар киргизүүгө болгон талаптары жайгаштырылды. 

Техникалык жөнгө салуу багытында бир топ жумуштар аткарылууда. Алсак, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан таанылды. 2018-жылы ЕАЭБдин мекемелердин бирдиктүү реестринде 87 кыргыз үндүрүүчү мекемелер каттарган болсо, быйыл алардын катарын дагы 21 мекеме толуктады. 

Республика боюнча жалпысынан 62 лаборотория иштеп жатат, анын 14 эл аралык талаптар боюнча акредитациядан өткөн. Ал эми 6 су ЕАЭБдин лабороторияларынын бирдиктүү реестрине киргизилген. 

Ошондой эле, республикада 4 өсүмдүктөрдүн карантини боюнча фитосанитардык лаборотория иштеп жатат. (Бишкек ш., Ош, Талас жана Ысык-Көл обл.).

Өлкөбүздө ХАССП/ИСО 22000 принциптери киргизилип 22 ишкана сертификациядан өткөн. 

Мындан тышкарыРоссия жана Кувейт мамлекеттери тарабына этти экспорттоого убактылуу чектөөсү алынган. 

Мындай чаралар Кыргыз ишкерлери тарабынан балык, эт, сүт азыктарын жана балды экспорттоонун өсүшүнө алып келди.

Белгилүү болгондой Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан жана айыл чарбасын каржылоо долбоору аркылуу ишкерлерге женилдетилген насыялар көрсөтүлүп келет. 

Акыркы маалыматттар боюнча Кыргыз-россия өнүктүрүү фонду 327 млн.долларга насыяларды белгиледи, ал эми айыл чарбасын каржылоо долбоору аркылуу ишкерлерге 9861 женилдетилген насыя 4.9 млрд. сомго берилди.

Шаарларды өнүктүрүү программасынын алкагында 221 өнүктүрүү долбоору иштелип чыкты. 

Ошондой эле,  «Нарын» экономикалык аймагы түзүлдү. 

Өлкө аймактарында 14 логистикалык борбор иштейт, анын 6 -Чүйдө, 1-Ысык-Көлдө, 1-Баткенде, 3-Ошто, 4-Жалал-Абадда, 1-Нарында. 

Чет өлкөлөрдө, атап айтсак Түштүк Кореяда (Сеул) Кыргызстандын соода кеңсеси, ал эми Өзбекстандын Ташкент жана Андижан шаарларында Соода үйлөрү ачылды. 

Экспорттун көрсөткүчтөрүнө кыскача токтоло кетсем.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргызстан 85 өлкөгө өз продукциясын экспорттоду. 

Экспорттун жалпы көлөмү 1356,5 млн.долл. түздү. Бул көрсөткүч товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 27,1% түзөт жана 2018-жылга салыштырмалуу 11,7% өстү. Алтындын экспорту 1,5 эсе, эт азыктарын экспорттоо 2.8 эсе, сүт азыктары- 1.5 эсе, картошка 3.8 эсе, төө буурчак- 1.4 эсе, бал -1.3 эсе, жашылча жемиштер 1.3 эсе, цемент 37%, айыл чарба товарлары - 27.5%, баалуу металдардын концентраттары- 11% өскөн. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорттун көлөмү 444,3 млн.долл. түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 3,6% азайган. Ошону менен бирге үчүнчү өлкөлөргө экспорттун көлөмү 21% өскөн. Бул негизинен жеңил өнөр жай продукциясынын экспортунун көлөмүнүн азаюусунан болду. 

Соода тармагындагы келишимдер боюнча маалымат.

Кытай эл Республикасы менен сүт, алча жана балды экспорттоо боюнча Протоколдорго кол коюлган. 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасыны ЕАЭБ мүчөлүгүнүн алкагында ЕАЭБ менен Вьетнам Республикасы, Иран Ислам Республикасы жана Серби Республикасы ортосунда  эркин соода келишимдери түзүлгөн.

Ошондой эле Сингапур Республикалары менен да жогорудагыдай келишимдердин түзүлүүсү күтүлүүдө. Ошону менен бирге Индия, Египет, Израиль Республикалары менен келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Кыргызстан үчүн Вьетнам Республикасы менен түзүлгөн келишим тамеки сырьесун, алкоголдук продукцияны, бодо малдын этин, жумуртка жана сүт азыктардын экспортунун көлөмүн жогорулатууга жол ачты. 

Ал эми Иран менен түзүлгөн келишимге ылайык тараптардын кызыкчылыгына ылайык белгиленген товарлар боюнча тарифтик женилдиктерди берет. Бул Кыргызстан үчүн этти, төө буурчакты, балды, минералдык сууну, ун азыктарын экспорттоого шарт түзөт. 

Ал эми Сербия боюнча айтсак, келишим түзүлсө Кыргызстан үчүн Сербияга төө буурчак, жангак жана балды, сыр, тамекини, жүзүм тундурмасын бажы төлөмүсүз экспорттоого шарт түзүлөт. Ошондой эле түзүлө турган келишимдин алкагында кургатылган жемиштер, колбаса жана эттин Сербияга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импортуна бажы тарифи алынуусу каралууда. 

Мындан сыркары, Кытай Эл Республикасы менен ЕАЭБдин ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча келишим түзүлгөн. Келишимде кызматташуунун конкреттүү багыттары камтылган жана эл аралык экономикалык мамилелерди жөнгө салуу боюнча маселелерди чагылдырат, бул өз кезегинде рынокко жеткиликтхүүлүктү камсыз кылуу жана соодада ири инвестициалык долбоорлор үчүн женилдиктерди шарттайт. 



Онлайн кайрылуу