Бешинчи юбилейлик форумдун жыйынтыгы чыгарылды: “Жашыл экономика — Күчтүү аймактар – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү”.

Новости
20-Ноябрь 2019-ж.
4012

Уюштуруучулар тарабынан негизги жыйынтыктардын ичинен төмөнкүлөр белгиленген

Кыргызстан тарабынан климаттын өзгөрүшү жөнүндө Париж макулдашуусун ратификациялоо, “2019-2023 –жылдарга Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын” кабыл алуу, жашыл экономика боюнча демилгелерди 2040-ж.өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына артыкчылыктуу катары интеграциялоо.

Жыйынтык чыгарып жатып, БУУ агенттиктеринин “Жашыл экономика үчүн өнөктөштүк аракеттер” (PAGE) демилгесинин катчылыгынын башчысы Асад Накви Кыргызстандын Экономика министрлигинин өлкөдөгү жашыл экономиканын принциптерин ийгиликтүү алга жылдыруудагы салымын өзүнчө белгиледи.

“Биз Кыргызстандагы жашыл экономика жаатындагы өнөктөштүгүбүзгө сыймыктанабыз. Баардыгыбызды чогулткан, лидер болуп саналган КР Экономика министрлигин белгилеп жана куттуктап кетким келет. Экономика министрлиги, дүйнөнүн ар бир өлкөдө эмес, жалпысынан, “жашыл” келечекти камсыз кылуу маселелерине катышат. Кыргызстанда бул багытты ишке ашыруу үчүн Экономика министрлиги жоопкерчиликти гана алган жок, буга катышууга өлкөнүн башка министрликтеринин жана ведомстволорунун, көп сандаган эл аралык өнөктөштөрүн катышууга тартты, жыйынтыгында өлкөнүн өнүгүшү үчүн “жашыл экономика” приоритеттүү статусун берди! Бул сыймыктанчу жогорку деңгээл болуп саналат – деп белгиледи Асад Накви. Акыры ар кандай кооз идеяны ишке ашыруу акчага барып такалат. Бул жагынан алып караганда, Экономика министрлигинин катышуусу жана реалдуу натыйжалары үчүн аларга аянтчаны камсыз кылуу – зор мааниге ээ. Бүгүнкү күндө бул ыкма алгылыктуу жетишкендиктерди көрсөткөн жана дымактуу пландарды куруп берет. Өнөктөштөрдүн атынан, биз каалаган жашыл келечекти камсыз кылуу үчүн, аларды колдоо үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз деп айткым келет!”



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу