“КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” жана анын ичинде “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынды.

Новости
19-Февраль 2015-ж.
2069
Экономика министрлиги маалымдайт Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү үчүн жана кичи, орто бизнеске колдоо көрсөтүү максатында КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” жана анын ичинде Атаандаштык жөнүндө”, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамдар кабыл алынды.

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин 19-тиркемесинде каралган атаандаштыктын жалпы принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколго жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2013-жылдын 24-октябрындагы №50 чечими менен бекитилген «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамга ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Ага финансы кызматтары рыногунда атаандаштыкка каршы көрүнүштөргө жол бербөө максатында финансы кызматтары анын ичинде банк кызматтары рыногунда монополиялык ишмердүүлүк, атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу тартибин караган ченемдер киргизилген.

Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин келишим-укуктук базасына ылайык келтирүү үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр кайра каралды: «монополиялуу кымбат баа», «монополиялуу арзан баа» түшүнүктөрү кайра каралып чыкты, «үстөмдүк абал», «вертикалдуу макулдашуулар» түшүнүгү такталды; кошумча беренелер киргизилди, алар «Товардын монополиялык кымбат жана арзан бааларынын белгилери», «Монопсониялык абал жана монопсониялык арзан баа».

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан атаандаштыкты өнүктүрүүгө тоскоол болуучу административдик тоскоолдуктарды чектөө максатында «Мамлекеттик же муниципалдык жеңилдиктер», ошондой эле монополияга каршы орган тарабынан талдоо жүргүзүү жана КР Өкмөтү тарабынан товардык рыноктордо атаандаштыкка талдоо жүргүзүү тартибин бекитүү тууралуу беренелер менен толукталды.

Базардагы баадан же өз наркынан төмөн баада товарларды сатуу аркылуу чарбакер субъекттерди рыноктон сүрүп чыгарууга жол бербөө максатында 8-берененин 16-пунктун жаңы редакцияда баяндоо сунуш кылынды. Мындан сырткары 3-бөлүктү күчүн жоготту деп табуу сунуш кылынды, анткени ал 18-берененин 3-бөлүгүндө кайталанат.

Азыркы учурда соода жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бир катар чөйрөлөрүндө айрым чарбакер субъекттер тарабынан баалар жана тарифтер АКШ долларларында же шарттуу бирдиктерде белгиленет, мисалы: уюлдук байланыш операторлору, интернет провайдерлер; мейманканалар ж.б.

Белгилей кетчү нерсе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-мартындагы №174 «Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү чаралары жөнүндө» токтомуна ылайык, соода жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү товардын баасында, тарифтерде жана прейскуранттарда акчалай милдеттенме Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында туюндурулушу керек.

Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» мыйзамында баалар, комиссиялык акылар жана тарифтер улуттук валютада коюлаары каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу