Кыргыз Республикасында Жашыл экономика жумалыгы старт алды

Новости
11-Ноябрь 2019-ж.
7244

2019-жылдын 11-ноябрында Бишкек ш. “Кабар” КУМАда КР Экономика министрлигинин статс-катчы Айдин Шаршеевдин, КР ЭМ Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги Айбек Кадыровдун, КР ЭМ стратегиялык пландоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы Айсулуу Аманованын, жашыл экономика маселеси боюнча көз карандысыз эксперт Кылычбек Жакыповдун катышуусу менен Кыргыз Республикасында Жашыл экономика жумалыгынын ачылышына арналган пресс-конференция болуп өттү.

Алар маалымдагандай, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн жашыл экономиканы алдыга жылдыруу азыркы мезгилдин зарылдыгы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө багытталган, адамдын жашоо турмушунун сапатын жогорулатууну, социалдык адилеттүүлүктү, ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууну жана экологиялык жактан таза технологияларды жана инновацияларды кеңири колдонууну камсыз кылган “жашыл” демилгелерди илгерилетет. 

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-жылы Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн келечектери жөнүндө отчет даярдаган, ал ошол эле жылы БУУнун “РИО +20” конференциясында берилген, анда экономикалык, социалдык жана экологиялык саясаттарды түзүүдө эски мамилелерди өзгөртүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жашыл экономиканын моделине өтүү зарылдыгы аныкталган. Ошону менен, Кыргыз Республикасы 2012-жылдагы БУУнун “РИО+20” конференциясынын талааларындагы туруктуу өнүгүүнү алга жылдырууга өзүнүн умтулуусун билдирген.

Туруктуу өнүктүрүүнүн негизги принциптери 5 жылдык туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыгуунун негизин түздү. Андан соң 2015-жылы өкмөт 2030-жылга туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибин кабыл алды, жана 2016-жылдын май айында БУУнун “Жашыл экономика боюнча өнөктөштүк” (UN PAGE) демилгесине кошулган.

Жашыл экономикага өтүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен Жогорку Кеңеш 2018 – жылдын июнь айында “Кыргызстан-жашыл экономика өлкөсү” концепциясын иштеп чыкты жана кабыл алды, ошондой эле 2018-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2018-2040 өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынган, ал инновациялык жана экологиялык жактан коопсуз технологияларды колдонууга басым жасоо менен атаандаштыкка жарамдуу экономиканы өнүктүрүүнү караштырат.

Азыркы учурда 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы иштелип чыккан, анын алкагында артыкчылыктуу секторлор аныкталган, алардын жардамы менен биринчи кезекте “жашыл” өнүгүүгө өтүүнү камсыздоо болжолдонууда. Өнүгүүнүн туруктуу моделине экономикалык өнүгүүнүн азыркы моделин трансформациялоо процесси бардык кызыкдар тараптардын активдүү тартылуусун талап кылат.

Тандалып алынган тармактарда жашыл экономиканы алга жылдыруу үчүн артыкчылыктуу чараларды талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Экономика министрлигинин атынан “Жашыл экономика – 2019: жашыл экономика-күчтүү аймактар-өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү” жумалыгын уюштурууну жана өткөрүүнү демилгелейт, ал 2019-жылдын 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин Кыргыз Республикасында өтөт.

Жумалыктын негизги максаты жашыл экономиканын принциптерин алдыга жылдырууда жана Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн пайдалануудан алынган пайдаларды жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүүдө бардык кызыкдар тараптарды бириктирүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасында 2019-жылы жашыл экономика жумалыгы төмөндөгүлөргө көмөк көрсөтөт: жашыл экономика маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу; жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу секторлоруна бардык кызыкдар тараптардын көңүлүн жана күч аракеттерин топтоо мүмкүнчүлүктөрүн берүү; КР региондорун өнүктүрүү үчүн атайын кызыкдар болгон Тараптардын ортосундагы интервенциялар жана координациялоо үчүн нишаларды аныктоо.

Ошентип, жашыл экономика жумалыгынын алкагында өлкөнүн ар кайсы бурчунда жашыл экономиканын маселелерин жашыл технологиялардын көргөзмөлөрүн, жашыл экономиканын ар кандай багыттары боюнча адистештирилген семинарларды, тегерек столдорду, окутуу серияларын жана практикалык жолугушууларды өткөрүү аркылуу илгерилетүүгө багытталган 37 иш чара пландаштырылган.

Жашыл экономика - 2019 жумалыгында өзгөчө көңүл өлкөнүн аймактарын туруктуу өнүктүрүү, өлкөнүн бардык аймактарында жашыл экономиканы өнүктүрүү жана алга жылдыруу жолдорун аныктоо маселелерине бурулат. Аймактарды туруктуу өнүктүрүү үчүн жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча кызыктуу талкуулар, жаңы идеялар жана сунуштар атайын аянтчада - Бишкек шаарында 2019-жылдын 15-ноябрында болуучу “Жашыл экономика” форуму сунушталат.

Жашыл экономика жумалыгына Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, бизнес-ассоциациялардын, жеке сектордун, мамлекеттик сектордун, жарандык жана эксперттик коомчулуктардын, эл аралык уюмдардын, ЖМКнын өкүлдөрү катышат. Жашыл экономика жумалыгы Кыргызстандагы жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча аракеттерди жана демилгелерди артыкчылыктуу секторлор боюнча мобилизациялоого өбөлгө түзөт жана тажрыйба жана “жашыл” демилгелер боюнча маалымат алмашуу, ошондой эле Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн жумалыгынын катышуучуларынын ортосунда байланыштарды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет.

Стратегиялык пландоо процессине катышкан адамдардын потенциалын жогорулатуу, “жашыл экономика” саясатынын инструменттерин түшүнүү, саясатты баалоо жана аларды өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук орто мөөнөттүү стратегиялык документтеринде натыйжалуу колдонуу максатында, жумалыкты эл аралык консультант Андреа Басинин катышуусу менен жашыл экономиканы өнүктүрүүнү моделдөө боюнча тренинг жыйынтыктайт. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу