2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө ЕАЭБ мыйзамдары чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө

Новости
06-Ноябрь 2019-ж.
3746

КР Экономика министрлиги 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген автотранспорт каражаттарын бажылык тариздөөдө ЕАЭБ мыйзамдары чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайт.

2020-жылдан тартып жеке жактар үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы жеке пайдаланууга ташып киргизилген жеңил автомобилдерге жана башка моторлуу транспорт каражаттарына карата “Жеке пайдалануу үчүн товарларга байланышкан айрым маселелер жөнүндө” чечиминин 2-тиркемесинде белгиленген бажы алымдарынын, салыктардын коюмдары иштей баштайт.

Автотранспорт каражаттарынын бажылык тариздөөсү боюнча жеңилдетилген мезгилди узартуу боюнча кыргыз тарап Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 2019-жылдын 19-ноябрында Москва шаарында боло турган жыйынында үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды бажылык тариздөө үчүн жеңилдетилген мезгилди узартуу маселесин көтөрүүнү пландаштырууда.

Мында ЕЭК Кеңешинин бул маселе боюнча чечими коллегиалдуу негизде кабыл алынат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу