Химиялык куралга тыюу салуу жөнүндөгү Конвенцияны ишке ашыруу боюнча токтомдун долбоору талкууга коюлат

Новости
30-Октябрь 2019-ж.
3863

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги КР Өкмөтүнүн “1993-жылдын 13-январында химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу чаралары жөнүндө” токтомунун долбоорун жалпы талкууга чыгарат.

Бул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети КР “1993-жылдын 13-январында химиялык куралды иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жана аны жок кылуу жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу чаралары жөнүндө” эл аралык келишимдин катышуучусу болуп саналган, ошондой эле уулуу химикаттарды жана алардын прекурсорлорун контролдоонун натыйжалуу системасын түзүү жана иштетүү боюнча ООН1540 (2004) Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын милдеттенмелерин аткаруу болуп саналат.

Бул долбоорду кабыл алуу Кыргыз Республикасында Химиялык курал-жаракты иштеп чыгууга, өндүрүүгө, топтоого жана колдонууга тыюу салуу жөнүндө Конвенцияны жана аны жок кылуу жөнүндө Коопсуздук кеңешинин резолюциясын (2004) натыйжалуу жүзөгө ашырууга өбөлгө болот.

Ошондой эле бул токтом долбоорун кабыл алууда социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.

Берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу