Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери боюнча тегерек стол Экономика министрлигинде өтөт

Новости
30-Октябрь 2019-ж.
4192

Экономика министрлиги, 2019-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине арналган тегерек столду өткөрүү пландалып жатканын маалымдайт: “МЖӨ жөнүндө Мыйзамдын жаңы редакциясы”, “МЖӨ борборун түзүү” жана “Адамдардын жыргалчылыгы үчүн МЖӨ” БУУ ЕЭКтин модели менен кыргыз мыйзамдарын айкалыштыруу, ал министрликтин чоң залында (Чүй пр. 3-кабат) 9:00дан – 12:30 чейин өтөт.

Тегерек столдо докладчы катары БУУ ЕЭКтин МЖӨ боюнча экономикалык кызматташтык жана соода бөлүмүнүн кызматкерлери Бонничи жана Менего мырзалар, эл аралык финансы корпорациясынын өкүлдөрү жана МЖӨ жаатындагы алдыңкы эксперттер чыгып сүйлөшөт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында МЖӨнүн ишке ашырылып жаткан долбоорлору тааныштырылат.

Катышуучулар: мамлекеттик органдар, бизнес-коомчулук, МФК, АӨБ, БУУ ЕЭК.

Тегерек стол: Кыргыз Республикасындагы МЖӨ жөнүндө жаңы мыйзамдар: МЖӨ жөнүндө жаңы Мыйзам, МЖӨ борбору жана мыйзамдарды БУУнун ЕЭК колдонгон МЖӨ үчүн социалдык багытталган ыкмаларга ылайык келтирүү.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги (БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясы менен биргеликте), Бишкек ш. 

Бейшемби, 31-октябрь, 2019.


9:00 – 09:30 

Катышуучуларды каттоо жана кофе-тыныгуу

9:30 – 09:45

Кириш сөз

Спикерлер:

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары - Ахматов Султан, БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) Тони Бонничи.

9:45 – 10:30 

1-сессия: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү жөнүндө жаңы мыйзамынын жана МЖӨ борборунун презентациясы

МЖӨ жөнүндө жаңы мыйзамдын негизги мүнөздөмөлөрүнө сереп

Жаңы МЖӨ борборунун ролун жана функцияларын презентациялоо

Суроо-жооптордун сессиясы

Спикерлер:

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги - Ханчоро Мурзалиев,

Кыргыз Республикасынын МЖӨ борборунун директорунун орун басары - Медер Туманов

10:30 – 11:45 

2-сессия: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө жаңы эл аралык мамилелер: БУУнун ЕЭК “Адамдар үчүн МЖӨ модели жана БУУнун туруктуу өнүгүүсүнүн максаттары

БУУнун ЕЭК “Адамдар үчүн МЖӨ” моделинин жана Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндө БУУ ЕЭК стандарттарынын презентациясы: БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (ТӨМ) ылайык МЖӨнү пайдалануу үчүн салттуу МЖӨ моделинде эмнелерди өзгөртүү зарыл.

Туруктуу өнүгүү жаатындагы Бириккен Улуттар уюмунун максаттарын колдоо үчүн адамдар үчүн мамлекеттик - жеке өнөктөштүк боюнча жетектөөчү принциптер жана Кыргызстанда МЖӨ үчүн негиз катары МЖӨ экономикалык маанилүүлүгүнөн ашыгын камсыз кылуучу долбоорлор

Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Бириккен Улуттар уюмунун максаттарын колдоо боюнча адамдардын жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жаатындагы жетектөөчү принциптер менен Кыргыз Республикасынын МЖӨ жөнүндө мыйзамдарын шайкеш келтирүү: МЖӨ долбоорлоруна коомдун катышуусун, жоопкерчилигин жана айкындыгын жакшыртуу, каржылоонун альтернативдүү булактарына жеткиликтүүлүк


Туруктуу өнүктүрүү жаатында Бириккен Улуттар уюмунун максаттарын колдоо боюнча адамдардын жыргалчылыгы үчүн мамлекеттик - жеке өнөктөштүк жаатында жетекчилик принциптерге ылайык иштелип чыккан Кыргыз Республикасындагы МЖӨ долбоорлорун идентификациялоо жана даярдоо боюнча Нускаманын долбоорунун презентациясы

Суроо-жооптордун сессиясы

Модератор: БУУ ЕЭК Тони Бонничи 

Спикерлер: БУУ ЕЭКтин юридикалык кеңешчиси, мамлекеттик-жеке өнөктөштөр боюнча ишкер Консультативдик кеңешинин мүчөсү - Татьяна Бессараб

юридикалык кеңешчи Гульнара Каликова

БУУ ЕЭК Антонин Менего

11:45 – 12:30 

3-сессия

Кыргыз Республикасында гемодиализ чөйрөсүндөгү МЖӨ долбоору боюнча бизнес-кейс

Кыргыз Республикасында гемодиализ 4 борбору боюнча МЖӨ пилоттук долбоорунун негизги чакырыктарынын жана жыйынтыктарынын презентациясы

Спикер:

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги - Болот Абилов 

Коомдук транспорттогу электрондук билеттөө МЖӨ долбоору боюнча бизнес-кейс, Бишкек ш.

Бишкек шаарынын коомдук транспортунда электрондук Билетти жайылтуу боюнча негизги көйгөйлөрдүн жана жыйынтыктардын презентациясы

Спикер:

Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча агенттигинин директорунун орун басары Сато Караш

12:30 – 13:00 

Жыйынтыктоочу кофе-тыныгуу


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу