Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү жөнүндө

Новости
25-Октябрь 2019-ж.
4632

2018-жылдын 13-апрелинде электрондук эсеп-фактураларын (ЭЭФ) киргизүү үчүн укуктук негизди түзүүчү; ККМ-онлайн өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасында товарларды маркалоону киргизүүчү №39 «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы кабыл алынган. 

ЭЭФ системасын киргизүү максаттарында 2015-жылдын 15-апрелинде №161  «Эсеп-фактураны электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн    токтому кабыл алынган. Пилоттук долбоор 2019-жылдын 1-июлунан тартып жүргүзүлөт.    

Электрондук эсеп-фактуранын ишенимдүү артыкчылыгы анын ыкчамдуулугунда. Эгер мурда башка аймакта турган эсеп-фактуралардын түпнускаларын (кагаз жүзүндө) таратуу кыйла убакытты ээлесе (күн, жумалап), эми буга салык төлөөчүнүн бир аз гана убакыты кетет. 

Мындан тышкары, электрондук эсеп-фактуралар жана башка документтер менен алмашуу уюмдарга иштин кагазсыз түрүнө өтүүсүнө мүмкүндүк берет, бул, өз кезегинде, эки чыгым – канцелярдык жана почта чыгымдардын азайышына алып келет.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, документтер менен алмашуунун ушул ыкмасынын талашсыз артыкчылыгы эсеп-фактураларды тариздөөдө келтирилүүчү бир катар каталардан качуу болуп саналат. 


Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын киргизүү максаттарында төмөнкү иштер жүргүзүлүүдө: 

•   2019-жылдын 12-сентябрындагы №470 «Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому кабыл алынды;

•   2020-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукциясына маркалоону киргизүүнү караштыруучу «Кыргыз Республикасында санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарлардын айрым түрлөрүн маркалоо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомунун долбоору демилгеленди.   

•   «Санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарлардын айрым түрлөрүн маркалоо  боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоорду жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтомунун долбоору демилгеленди.

Товарларды маркалоо рынокту контрафакттык жана контрабандалык продукциялардан тазалоого, рынокко айкындуулукту киргизүүгө жана продукциянын сапатынын кепилдигине мүмкүндүк берет. Коддун жардамы менен товардын – өндүрүш же импорттон чекене сатып алуучуга чейинки кыймылы байкоого алынат.

Виртуалдуу ККМ киргизүү максатында  2019-жылдын 26-августунда №426 «Маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому кабыл алынган. Пилоттук долбоор 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып жүргүзүлөт.   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   2016-жылдын 15-июнундагы №324 токтомуна ылайык ККМ-онлайн киргизилген. Салык органдарынын талаптарын канааттандырган кассалык аппараттарга өтүү боюнча бардык чыгымдар ишкерлерге жүктөлгөн. Он-лайн режимде маалыматтарды өткөрүп берүүгө жөндөмдүү аппараттык ККМнын минималдуу баасы 10 000 сомдон жогору, бул учурдагы экономикалык каатчылык маалында бизнес үчүн, өзгөчө чакан жана орто ишкерлер, ошондой эле аймактардагы ишкерлер үчүн оордук эле болот.

Буга байланыштуу, бизнеске, атап айтканда чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү максаттарында аппараттык ККМ-онлайнга салыштырганда жаңы багыт жана арзан альтернатива болгон виртуалдуу ККМ (Android, iOS жана Windows операциялык системаларга кардар тиркемеси түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо) киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.  


Ошондой эле, 2019-жылдын 17-сентябрында 2019-жылдын 1-январынан тартып мунай продукциясын эсепке алуунун автоматташтырылган системасын киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   №482 «Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө» токтому кабыл алынгандыгын белгилей кетебиз. 

Ошентип, кабыл алынган токтомго ылайык мунай продукциясын ташып келүү, сактоо, өндүрүүнү контролдоону күчөтүү максаттарында Кыргыз Республикасынын  аймагында жаңы талаптар белгиленет.

Дүң сатуу менчик укугуна ээ болгон шартта же мунайзаттардын же резервуарлардын базасында мыйзамдуу негиздерде гана жүзөгө ашырылат. Ал эми чекене соода авто май куюучу станциялар контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана мунайзаттарды чыгаруунун автоматташтырылган электрондук системасы  менен камсыздалган шарттарда гана жүзөгө ашырылат.

Мунайзаттарды чыгаруунун автоматташтырылган электрондук системасынын өзгөчөлүгү, кардарга төлөм аныкталмайынча жана контролдук-кассалык машинадан кассалык чекти чыгаруусуз май куюунун мүмкүн эместигинде, анткени АЗСтин май таратуучу колонкага мунайзатты берүү жөнүндө сигнал иштейт. Бул система мунайзатты АЗСке анык убакыт режиминде чыгарууда бул маалыматты салык кызматынын серверине ушул маалыматты катарлаш өткөрүүгө мүмкүндүк берет. 

Мында кошумча социалдык-экономикалык жүктү азайтуу максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын  Салык кодексинин мунайзаттарды чыгаруунун чыгымдары экономикалык субьект тарабынан көтөрүлгөн, бир жыл ичинде автоматташтырылган электрондук системасын сатып алууга жана орнотууга байланыштуу жеңилдиктерди берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштыруучу  коштоочу мыйзам долбоорун иштеп чыгууну чечти. 

Салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн натыйжасында төмөнкүдөй жыйынтыктар күтүлүүдө:

  • Салык салуу максатында байкоого алуу жана товарларды жүгүртүү системасынын улуттук компонентин түзүү.
  • Ак ниет ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана импортерлорду коргоо.
  • Таза атаандаштыкты калыс өнүктүрүү шарттарын түзүү.
  • заманбап техникалык чечимдерди түзүү жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү жана КР жарандарын коргоого багытталган технологияларды киргизүү.
  • Инвестициялык жагымдуулуктун өсүшү.
  • Көмүскө экономиканы мыйзамдаштыруу.
  • Бюджеттин кирешелерин жогорулатуу. 
  • Эл аралык рейтингдердеги өлкөнүн позициясын жогорулатуу.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу